Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 11.06.2019 11:12 На русском

Таластын тургундары токойго жыгач таарындылары төгүлүп жол салынгандыгына нааразы

Turmush -  Кечээ, 10-июнда Талас шаарындагы токойдо мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, алар жыгачтардын таарындыларын (опилка) төгүп, токой ичинде бир таман жол жасашты. Ал эми жергиликтүү жашоочулар бул көрүнүшкө нааразы болушкан.

«Токойду оңдобой эле таштандыга жол берүү деп ойлойбуз. Таарынды төккөндөй бул футболдук аянтча эмес. Бир жолу жамгыр жаагандан кийин эмне болот? Мэрия акчаны бекер чачып жаткандай. Бир эле жолу дегендей иш жасалып жатат. Токойго таарынды менен жол жасаганды кайдан көрдүңүздөр эле?», - дешет жергиликтүүлөр.

Ал эми Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбековдун айтымында, ал жакка таарынды эмес, таш коюлмак.

«Токой ичине жол салуу иштери тазалыкты тартипке салуу максатында жасалып жатат. Бул ишке 1 сом каралган жок. Таарынды төгүлүп жаткандыгы тууралуу менин маалыматым жок. Ал жакка таш коюлмак», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×