Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.06.2019 10:17 На русском

Комиссия Үч-Теректеги оорукананын төрөт бөлүмүндөгү кемчиликтерди атады

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токтогул районундагы Үч-Терек жалпы практикалоо дарыгерлер борборунун төрөт бөлүмүндө төрөй турган аялдар үчүн ВИЧ-инфекциясынын экспресс-тести жок болуп чыкты. Бул тууралуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкуулаган координациялык кеңеште билдирди.

Анын айтымында, облустук саламаттыкты сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссия бир катар медициналык мекемелерди кыдырып чыгышкан.

Башкы дарыгердин баяндамасына караганда, Үч-Терек жалпы практикалык дарыгерлер борборунун төрөт бөлүмүндө быйылкы жылдын биринчи кварталында 18 аял төрөгөн. Бул мекемеде жергиликтүү бийлик жана тийиштүү тараптар эске ала турган жагдайлар бар. Анткени мекемеге суу түтүктөрү киргизилбегендиктен жуунгуч орнотулган. Кан менен тыгыз байланышта болгон медициналык кызматкерлерге сарык оорусунун «В» түрүнө каршы эмдөө жүргүзүлгөн эмес. Бөлүмдө 8 койка жайгашкан, анын ичинен төрөткө чейинки бөлүмдө 4 койка жана төрөттөн кийинки делген палаталарда 4 койка бар.

«Имарат жуунгуч жана санитардык түйүн менен камсыздалган эмес. Аба аркылуу жугуучу жугуштуу (кургак учук, кызамык, кызылча ж.б.) оору менен ооруп төрөгөн аял үчүн өзүнчө изоляциялык бөлмө каралган эмес. ВИЧ-инфекциясына текшерилбеген аялдарга колдонуучу ВИЧ-инфекциясынын экспресс-тестти жок. Медициналык калдыктарды ташуучу чакаларды жуу үчүн атайын жер жок. Аба киргизип чыгаруучу вентиляциялык жабдык орнотулган эмес», - деп билдирди ал.

Андан сырткары, медициналык шаймандарды тазалоо үчүн атайын бөлмө уюштурулган эмес.

Кеңешмеде ушул сыяктуу бир нече маселелер айтылды. Аталган мекеменин жетекчиси жана тийиштүү тараптар ооруканада жумушчу топ барганда кемчиликтердин бир катары жоюлганын айтышты. Бирок Үч-Терек аймагында таза суу көйгөйүн чечүү керектиги белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×