Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.06.2019 13:50 На русском

Депутаттын белеги: Ак-Талаада мурунку автобазанын чатырын шамал учуруп кетти. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы мурунку автобазанын имаратынын чатырын катуу шамал учуруп кеткендигин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков билдирди.

Маалым болгондой, 9-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында аталган имараттын чатырынын (профнастил) 240 чарчы метр аянтын куюн аралашкан шамал учурган. Учурда табигый кырсыктын кесепетинен улам келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Жабыр тарткан адамдар болгон жок.

Аталган имарат союз учурунда автобазанын имараты болчу. Союз тарагандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевге таандык болгон. 2018-жылы Баетов айылынын 90 жылдыгына карата имарат мектеп катары пайдаланууга Баетов айыл өкмөтүнө биротоло берилген эле. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, бул имарат мектеп статусун ала элек жана окуучулар билим алышпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×