Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусу, Кант 11.06.2019 08:06

Азербайжанда өткөн таяк тартыш боюнча мелдеште чүйлүк 3 спортчу алдыңкы орундарга ээ болду

Turmush -  Азербайжандын Баку шаарында өткөн таяк тартыш боюнча дүйнө кубогунда чүйлүк 3 спортчу алдыңкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу спортчулардын бири Эмил Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышты. Алардын төртөө Чүй облусунан барган.

«Чүйдөн барган спортчулардан 85 кг салмакта Назия Майлыбашева 1-орунду, 90 кг салмакта Азат Таштанбеков 2-орунду жана мен (Эмил Мусуралиев) 90 кг салмакта 3-орунду камсыз кылдык. Кыргызстандан барган 16 спортчунун ичинен 12 спортчу медаль менен кайтышты. Жалпы 4 алтын, 3 күмүш, 5 коло медалдуу болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×