Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 10.06.2019 18:29 На русском

Айыл турмушу: Түркияга чейин барып, өз өнөрүн тартуулап келген бийчи Улукман

Улукман Бакытбек уулу
Улукман Бакытбек уулу

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 19 жаштагы тургуну Улукман Бакытбек уулу көп жылдан бери бийлеп, чет өлкөгө чыгып, өз өнөрүн көрсөтүп келет. Мындан тышкары тойлорго чакыруулар менен барып, киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен бери чыгармачылык чөйрөгө кызыгып келген.

«Айылыбыздагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектебине 1-класска киргенде алгачкы жолу алиппе майрамында ырдагам. Ошондо башкача сезимдер пайда болуп, мектебибизде кандай гана концерттик иш-чаралар болбосун калбай ырдап, бийлеп жана комуз чертип катышчумун. 10 жашымдан тарта райондук сынактарга барып, алдыңкы орундарды багындырдым. Негизи ырдоо, бийлөө — менин хоббим», - деди ал.

Учурда Улукман Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 2-курста билим алып жатат.

«Окуумдан чыгып, хоббим менен алектенем. "Уста" элдик бий ансамблин түзүп алганбыз. Топ менен биргеликте хореографтан сабак алып, өзүбүздүн улуттук жана башка улуттун бийлерин бийлеп, 2 жылдан бери тойлорго чакыруу алып келебиз. Ошондой эле өнөрүбүздү көрсөтүп, фестивалдарга катышып, Түркияга чейин барып келгенбиз. Бийлөө учурунда дагы кызыктуу окуяларга кабылабыз. Мисалы, бийлеп жатып адашып же башка бий формаларын кийип алган учурлар кездешет. Мындан сырткары бир телеканал менен иштешип, ыр айтам. Алдыда өзүмдүн адистигим менен иштеп, бийди кошо өркүндөтүп, мекенимдин желегин дүйнөгө желбиретем деген оюм бар», - деди ал.

Бийчи үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×