Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 10.06.2019 15:14 На русском

Айыл турмушу: Баатыр эне Д.Жээналиева 12 баласын кол өнөрчүлүк менен баккан

Дүйшөбүбү Жээналиева
Дүйшөбүбү Жээналиева
// Turmush

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Дүйшөбүбү Жээналиева 12 баланын апасы. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дүйшөбүбү Жээналиева 1938-жылы азыркы Баш-Кайыңды айылында туулган. Мектепти аяктап эле турмушка чыккан. Учурда 5 уул, 7 кызы, 48 небере, 48 чөбөрөсү бар. Убагында жолдошу экөө колхоздун малын багып жүрүп алдыңкы чабан аталышкан. Ошондо «Лениндин 100 жылдыгы» медалы менен кошо «Москвич» унаасын белекке алышкан.

«Атамдар окутпай коюшту, мектепти бүтүп эле турмушка чыгып кеттим. Андан кийин балалуу болдук. Жолдошум дагы окуган эмес, экөөбүз чабан болдук. 1964-жылдан 1975-жылга чейин колхоздун малын бактык. Анда 1 короо ирик бактык. Жолдошум 1986-жылы жүрөк оорусунан кайтыш болуп калды. Андан кийин балдарымды итче тиштеп багып келдим. Кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Аларга тамак-аш, кийим табыш керек болду. Азыр балдарымдын баары өз алдынча үйлүү-жайлуу болуп, баары өз оокаттарын кылып жатышат», - деди ал.

Дүйшөбүбү Жээналиева ооруп жаткандыгына карабастан гүлдүн 12 түрүн өстүрүүдө.

«Убагында балдарымды багып, алар менен жүрүп эле жаштыктын кандай өткөнүн байкаган жокмун. Азыр жөтөлөм, жүрөгүм ооруйт. Ошентсе дагы бактылуу жашап, сыйдын үстүндөмүн. Улам бирөө алып кетип эс алдырат, жалгыз калтырышпайт. Жаш кезимде кол өнөрчүлүк менен алектендим. Шырдак жасап, сайма сайып, курак курадым. Кыздарымдын себин, балдарыма оокат бөлүп бердим. Азыркы учурда үйдө гүл өстүрүп жатам», - деди ал.

1976-жылы «Баатыр эне» наамын алган.

«Аял төрөгөн сайын ден соолугу чыңалат, кан алмашуу болот, денең жашарат. Азыр мен 83 жаштамын. Бирок, андай көрүнбөйм. Балдар чоңойгондо мурда тарткан түйшүгүң билинбей калат экен. Кудайга миң мертебе шүгүр, алар мага кызмат кылып жатышат. Бир кулагым жакшы эмес. Экинчиси ырас угат.

Союз тарагандан кийин балдарды өзүмдүн кол өнөрчүлүгүм менен бактым. Кыздарымды жардамчы кылып жүрдүм.

Азыркы учурда баатыр энелерге эч кандай көңүл буруу жок. Өкмөт тарабынан материалдык жактан жардам болушу керек дейм. Мындан 3 жыл мурун баатыр энелерге деп пенсияга 1000 сомдон кошушту. Андан бери эч нерсе көргөн жокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×