Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 10.06.2019 13:35 На русском

«Өзгөчө ысымдар»: Дүйнөдөгү ыйык таштын атынын коюлган Молдалиеванын ысымын көптөр жаттай албайт

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын шаарынын 44 жаштагы тургуну Мизера Молдалиева. Анын ысымын чоң ата жана чоң энеси койгон.

Өзүнүн айтымында, анын атын көпчүлүк жаттай албай, унута беришет.

«Бишкек шаарындагы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алып, 1998-жылы жеңил өнөр жай инженердик технология адистигин алып чыктым. 2013-жылдан бери Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин техникалык колледжинде студенттерге кийимди конструкциялоо жана моделдештирүү, технология сабактарынан билим берүүдөмүн.

Ал эми ысымым тууралуу айтсам, чоң атам менен чоң энем Мекке шаарында жайгашкан дүйнөдөгү эң ыйык кара таш — Каабанын атынан коюшкан. Араб эли аны Мисир деп да атап коюшат экен. Негизи өзүмдүн ысымым Мисир. Бирок мурун СССР учурунда туулгандыгы тууралуу күбөлүк бергендер атымды туура эмес жазышкан. Ысымымды көпчүлүк эл укканда таң калып, кайра-кайра сурап, көпкө чейин жаттай алышпайт», - деди ал.

Мизера Молдалиеванын жолдошу Эгемберди Молдалиев экөөнүн биргеликте түтүн булатып жатканына быйыл туура 22 жыл болду. Алар 2 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×