Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусуКара-Суу району 10.06.2019 12:11 На русском

«Эки жолу асынып, кошуналары сактап калган»: Кара-Сууда 45 жаштагы киши өз жанын кыйды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда 45 жаштагы эркек киши өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Маркум үйүнүн короосунда жипке асынып алганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан дагы тастыкташты. Окуя кечээ, 9-июнь күнү кечки саат 20:00 чамасында болгон. Аталган факт тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 20:30 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган жана маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Маалыматка караганда, маркум буга чейин 2 ирет асынууга аракет кылган жана 2 жолу тең аны кошуналары куткарып калышкан.

Каза болгон адам Төлөйкөн айылынын 1974-жылы туулган тургуну А.И. экени аныкталды. Анын асынып турган денесин жакындары табышкан.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×