Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуКочкор району 10.06.2019 11:04 На русском

Соң-Көлгө мал айдап чыккандар ашууда калып, бири каза болду. 34 мал учуп өлгөн. Сүрөт

Turmush -  Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бара жатып, ашууда калган адамдардын бири кечээ, 9-июнь күнү каза болду. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Кочкор районунун Туз айылынын 1968-жылы туулган тургуну М.К., 1986-жылы туулган тургуну М.Б., Молдо-Кылыч айылынын 1985-жылы туулган тургуну С.М. жана Бишкек шаарынын тургундары — 1988-жылы туулган А.Б., 1990-жылы туулган Т.у.Т. 8-июнда саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Туз айылынан Соң-Көл жайлоосуна Чалай ашуусу аркылуу мал айдап чыгышкан. Ушул эле күнү саат 16:00 чамасында Чалай ашуусунун чокусуна жеткен учурда кар жаап, бурганак башталган. Анын кесепетинен 30 баш кой, 3 тай, 1 эшек жана 1 ит ашуудан учуп өлгөн. Малчылар ошол жерге жатып калышкан. 9-июнь күнү саат 07:00 чамасында Туз айылынын 1968-жылы туулган тургуну М.К. каза болгон.

9-июнь күнү малчылар жакындарына жана Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабар беришти. Алар малчыларды ашуудан алып түшүшкөн. Ал эми ашууда калган малдарды өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл тургундары Кочкор районундагы Төлөк айылындагы чукул сарайларга айдап барышкан.

Чалай ашуусу деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте турат.

Бул факт боюнча Кочкор РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бараткан 5 чабандын бири каза болуп, калганы ооруканага түшкөнүн маалымдады.

«ӨКМден 6 куткаруучу, 2 медициналык кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 4 адам барып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле мал-жандыктарын чогултушуп, Туз айылына алып түшүшкөн. Каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришти. Ал эми 4 адам айылдагы ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×