Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуСокулук району 10.06.2019 10:35 На русском

«Агайым кыргыз...»: Кличколордун алгачкы машыктыруучусу Н.Шаршеновго мушкерлерден жетпей калган белек

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 69 жаштагы тургуну Нурбек Шаршенов бир тууган Кличколордун биринчи машыктыруучусу болгон. Ал 1950-жылы ушул эле райондо жарык дүйнөгө келип, мектепти аяктаган соң дене тарбия институтунан билим алган.

Өмүрүнүн көбүн спортчу балдарды машыктырууга арнады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ата-энем билимдүү кишилер болгон

- Апам мени 45 жашында төрөгөн экен. Кадимки эле мал чарба кармап, дыйканчылык кылган карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келдим. Ата-энем илгери коммунист болушкан. Апам араб, латын тилдеринде окуса, атам дагы орус тилин суудай сүйлөгөн билимдүү киши болгон. Атамдын чоң аталары бий болгону үчүн аны партиядан чыгарып коюшкан. Бирок 1937-жылы кайра партияга чакырышканда, атам «бул партияң бир чыгарып, бир киргизе береби? Мен мындай партияга барбайм» деп барбай койгон жайы бар. Атам мергенчилик менен да алектенчү. Мергенчилер союзунда иштеп, союздун мал-жандыгына зыян келтирген карышкыр-түлкүлөргө мергенчиликке чыкчу. Согуш маалында мындай адамдар чарбага керек болгону үчүн согушка барбай калган. Өзү да ал кезде 56-57 жаш куракка карап калган экен.

Эмгек жол

- Исмаил деген айылда 4-класска чейинки мектепке кирип, кийин Кызыл-Тууда он жылдык мектепти аяктагам. Андан кийин 1968-жылы Дене тарбия институтуна (азыркы академия) барып, ал жерден 1973-жылы окуп чыгып, Москва районуна жолдомо менен жумушка бардым. Аталган райондо өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштедим. Ошондо Кызыл-Октябрь деген колхоз салган спорт комплекс бар эле. Сыртта он алты миң киши бата турган жайы, ичинде болсо чоң залдар боло турган. Волейбол, баскетбол, күрөш, бокс залдары бар.

Мен алты тайпа менен иштедим. Алгач эле 120 мушкер бала келди. Мектепте түштөн кийин окугандар эртең менен келсе, эртең менен окугандар түштөн кийин келишет. Спорт комплекстин директору Камчыбек Ниязалиевдин жетекчилигинде мыкты-мыкты машыктыруучулар иштеди.

Бир тууган Кличколор башка балдардан көп деле айырмаланчу эмес

- Ушул Москва районунда иштеп жүргөндө бир күнү Кличконун атасы келди. Ал ошол убакта Петровка айылындагы абакта иштечү. «Балдарымды машыктыра аласыңбы?» деп айтты. Мурда спорт залдарга балдар алгач ата-энеси менен келчү. Алар менен келишим түзүлчү. Анткени спортто ар кандай болот, таяк жейт, кокустук болуп кетет. Анан да канчада келгенин, канчада кеткенин күндөлүктөрүнө жазчубуз. Аны ата-энеси дайым окуп турушчу. Мелдештерге бара турган мезгил келгенде дагы алдын ала билдирилчү.

Ошентип биринчи Виталий келип машыкты, андан кийин Владимирди алып келди. Алар башка балдардан көп деле айырмаланчу эмес. Бирок экөөнүн тең бою узун эле. Улуусу 7-класска чейин менде машыгып, андан соң атасы Казакстанга көчүп, ошону менен балдарын алып кетти. Кичүүсү 6-класс болуп калган. Кийин Казакстандан жакшы ийгиликтерге жетишип калышканда «менин биринчи машыктыруучум кыргыз киши. Келишимдүү адам болчу» деп айтышыптыр. Алар анкета толтурушат. Ошондо дагы мен жөнүндө жазып беришиптир. Ал жактан кабары бар балдар мага айтып жүрүштү. «Сенин окуучуң кыйын чыгып келе жатат. Сен жөнүндө айтып жатат» дешип. Бирок мен алар менен байланыша алган жокмун…

Кличколордун жетпей калган белеги

- Кличколор Казакстанда жүрүшкөндө мага бир футболка белекке берип жиберишкен экен. Бирок ал белек мага жетпей калды. Эмне болгонун ким билсин, сизге белек берип жиберишти деп айтышкан. Бирок колго тийген жок. Көчмөндөр оюндары башталганда Кличколор Кыргызтанга келсе дегем. Бирок келген жок. Алар деле туулуп өскөн Беловодск айылы кандай болуп калды деп кызыгат болуш керек. Келсе, Кыргызстандын көп кооз жерлерин кыдыртат элем. Мен эми алардан эч нерсе деле сурабайм. Болгону сыймыктанып, алыстан угуп жүргөн окуучуларым менен көрүшүп, учарышып, сүйлөшүп чер жазгым келет…

Башка кесипке өтүүгө туура келди

- Сокулуктун спорт мектебинде бир казак жигит иштечү. Ошол бала «Казакстанга барып иштеңиз. Ошол жактан пенсия жакшы чыгат экен» деп айтып калды. Бирок мен «кой, Кыргызстанда эле жүрө берейин» деп жооп бергем.

Москва районунда он жыл иштеп, андан кийин Сокулук районуна которулуп келдим. Сокулукта Д.Шопоков атындагы училища бар. Ошондо түштөн кийин машыктыруучу болдум. Ошентип дене тарбиячыларга, спортко анча маани бербей калган күн келди. Айылыма келсем, спорт залда шарт жок экен. Мектептин жер төлөсүндө балдарды машыктырып жүрдүм. Кийин балдар бокска көп кызыкпай калышты. Мындан улам кесибимди алмаштырып, зоотехник болуп иштеп кеттим. Ал жакта иштеп жүрүп деле айрым балдарды машыктырдым. Азыр деле кээ бир балдарды бекер эле машыктырып жүрөм.

Окуучуларымдын көбүн тааныбай калдым

- Азыркы күнгө чейин жалпы канча баланы машыктырганымды билбейм, эсептеген эмесмин. Айтор көп. Москва районунда иштеп жүргөндө жалпы 43 баланы 1-разрядга кошуп, спорт чеберине талапкерлерди (2 окуучу) чыгардым. Мага үч бөлмөлүү батир берилди. Анткени институтту окуп жүргөндө эле үй-бүлө күтүп, бир кыз, бир уулдуу болгом. Келинчегим медицина тармагында иштегендиктен, апам неберелерин карап биз менен жашады.

Албетте, Кличколордой дүйнөгө атагы чыкпаса да Азияда, Кыргызстанда чемпион болуп жүргөн окуучуларым көп. Бирок мен алардын көбүн тааныбай калдым. Кээ бир жерден окуучуларым мени көрүп, «агай тааныдыңызбы?» деп калышат. А, мен тааныбайм. Алар кичинекей кезинде машыктырчумун да. Бой жетип, чоңоюп кеткенден кийин тааныбай калат экенсиң. Кээде окуучуларым үйгө чейин издеп келип, учурашып, сүйлөшүп кетишет.

Машыктыруучу 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×