Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 10.06.2019 09:44 На русском

Ошто балдар ооруканасын оңдоого бөлүнгөн акчаны өөнөп алышкан

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө бюджетке 774,1 миң сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук прокуратура аталган оорукананы оңдоп-түзөөдөн өткөргөн «А.» ЖЧКсына кылмыш ишин козгоду. Аталган компания оңдоп-түзөө иштерин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн тендерден утуп алган. Тендер 2018-жылдын август айында жарыяланган.

Тендердин шартына ылайык, оорукананы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 16,7 млн сом сунушталган. Текшерүү учурунда «А.» ЖЧКсы желим эшиктерди жана электр жабдыктарын орнотууда аткарылган жумуштун баасын 774,1 миң сомго көп көрсөткөндүгү аныкталган.

«Топтолгон маалыматтар ушул жылдын 1-июнунда Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн иш тергөө органдарына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат облустук прокуратуранын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×