Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуСокулук району 10.06.2019 09:30

Сокулуктагы трагедиялар же 4 адамдын сырдуу өлүмү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы 20 күн ичинде эле Сокулук районунда 4 адам өз өмүрүнө кол салып көз жумганы маалым болду. Алардын баары жаштар, тактап айтканда үчөө өспүрүм болсо, бири болгону 19 жашка толгон жигит.

Кайгылуу окуялардан кийин Turmush басылмасынын кабарчылары маркумдардын жакындары менен жолугушуп, окуянын чоо-жайын угушкан.

---------------------------------------------------------------

«Таң аткыча телефонду чукулап отурган»: Сокулуктагы «крутой» мектептин окуучусу асынып алды

Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейиндеги 9-класстын бүтүрүүчүсү А.Ж. асынып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдаштары билдиришти.

Ал эми мектептин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Гүлнур Акматова бул окуяны тастыктап, маркум мектептеги ийримдерден калбай, активдүү окуучу болгонун айтып берди.

Окуя ушул жылдын 3-июнунда болгон.

«Маркум А.Ж. 9-класстын сынактарын тапшырмак. 3-июнь күнү биринчи сынагын тапшырганы мектепке келмек. Ошол таңда бул каргаша болуптур. Түнкү саат 04:00гө чейин телефондон кимдир бирөө менен сүйлөшүп отурган экен. Таенесинин айтымында, үйүндөгүлөр ал асынып алган жип каяктан келгенин билишпейт. Алдын ала даярданган окшойт. Телефону дагы өчүк экен. Ал телефонун каякка койгонун таппай жатышат. Саат 04:00гө чейин телефонду чукулап, андан кийин асынып алган окшойт. Эртең менен таңкы саат 06:00дө көрүшүптүр.

Бардык ийримдерге катышкан активдүү бала болчу. Театрга, хорго катышчу, комуз чертчү. Абдан чыгармачыл бала болчу», - деп билдирди ал.

Айылдаштары бул окуя жактырып калган кыздын айынан да болушу мүмкүн дешет.

«Таенесинин айтымына караганда, бир кыз менен телефон аркылуу жазышкан окшойт. Ошол кыз балага туура жооп бербей койгондой. Ушул дагы буга түрткү болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Апасы, таенеси менен бирге жашачу, жалгыз бала болчу. Атасы менен апасы ажырашып кетишкен окшойт. Эмнегедир атасы алар менен бирге жашабайт», - деп билдиришти алар.

---------------------------------------------------------------

«Айттап кетти деп ойлошкон»: Сокулукта 8-класстын окуучусу бакка асынып алды

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айыл өкмөтүнө караштуу Арал орто мектебиндеги 8-класстын бүтүрүүчүсү бакка асынып алгандыгы маалымдалган.

Окуя 5-июнда Айт күнү болгондугун мектеп директору Элмира Асанкулова тастыктап, маркум М.М. элпек, бир мүнөз кыз болгонун белгиледи.

«Социалдык абалы канааттандырарлык эмес. Батирден батирге көчүп жашагандыктан биздин мектептен кетип, кайра келип окуп жүрдү. Сынактарын жакшы тапшырган. Классташтары менен мамилеси жакшы, бирок өтө жакын дос кыздары жок болчу. Өзү бир аз түнт кыз эле. Бир нерсеге жумшасаң элпек, чыйрак, ак көңүл болчу. Биз ага жардам берүүгө аракет кылчубуз. Апасы аны сабактан көп алып калчу. «Мен жумушка кетип жатам, баламды карап турсун» дечү. Ортодо мектептен такыр эле чыгарып алууну да көздөп жүрдү. Бирок биз окутуу керек экенин айтып, түшүндүрүп келгенбиз. 30-майда эс алууга кетти. Ошону менен мектептен көргөн жокпуз. Кечээ бул кабарды угуп, жаман абалда болдук. Биздин мектепте буга чейин мындай окуя болгон эмес», - деди ал.

Ал эми айылдаштарынын айтымында, аны үйүндөгүлөрү айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен.

«Атасы менен жашашпайт окшойт. Аны көп көрбөйбүз. Апасы эптеп иштеп, балдарын багып жүрөт. Ошол күнү үйүнө айттап коноктор келген экен. Алар келип, дасторконго отурганда эле кыз сыртка чыгып кетиптир. Ошону менен апасы, үйүндөгүлөр маркум М.М.ны айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен экен. Көрсө короодогу бакка асынып алыптыр. Ал асынууга даярданыптыр деп да айтышууда», - деди айылдаштары.

Маркум М.М. үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болгон.
---------------------------------------------------------------
Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси 25-майда табылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген. Маркумдардын бири Сокулуктун 19 жаштагы тургуну болсо, жанындагы өспүрүм кыз Кочкор районунда жашап жаткан 16 жаштагы өспүрүм болгон.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кочкор районунун 2003-жылы туулган тургуну Д.А. (өспүрүм кыз) 16-май күнү ден соолугуна байланыштуу окуусунан 3 күнгө суранып, Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен.
Класс жетекчиси Г.Т. билдирген маалымат боюнча, Д.А. Бишкек шаарында бир тууган эжесинин үйүндө дарыланып жаткандыгы тууралуу маалымат алган. Ал эми 21-майда Д.А. сабакка катышпагандыктан апасы Д.С. менен телефон аркылуу байланышкан. Апасы кызы ооруканадагы дарыгерлерге көрүнүп жаткандыгын билдирип, китептерин мектепке берип жиберген.

---------------------------------------------------------------

Кыз-жигиттин сырдуу өлүмү: Сүйгөн кызы менен кошо өз жанын кыйган Илимдин эжеси окуя тууралуу айтып берди

Маркум жигиттин эжесинин пикири: «Иним өлө турган бала эмес болчу. Жаман адаттардан алыс, бир калыпта жүргөн бала эле. Ушул күнгө чейин бир кыз менен сүйлөшкөнүн уккан эмесмин. Эмне үчүн мен ошол кыз менен сүйлөшүп жатканын билбей калдым? Эмне үчүн ал өлүп калды? Бизге түшүнүксүз болууда.

Экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн кыздын эжеси билген экен. Балким ал экөөнүн мамиле куруусуна каршы болгондур. Окуя болгонго чейин инимдин телефонун кыздын бир тууган эжеси жулуп алыптыр. Эгерде ошончолук бир тууган сиңдисине күйсө, менин инимдин телефону менен бизге эмнеге байланышкан жок? Эгер биз менен байланышып: «Балаңар менен биздин кыз сүйлөшөт экен. Эмне кылалы, уулуңарды үйлөнтөсүңөрбү?» деп айтышса, биз окуянын чоо-жайын түшүнүп, маселени чечет элек. Эгер биз «кызыңарды балабызга алып бере албайбыз» деп айтсак, анда ушундай жолго барса болот эле.

Алар кыздын иним менен сүйлөшүүсүнө каршы болгондуктан өспүрүм кыз ушундай кадамга барып жатат. Анын жанында менин чырактай болгон бир тууганым кошо өлдү. Кыз тараптын айтканы аудио жазууда бар. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз».

Анын айтымында, учурда эки жаштын өлүмү табышмак бойдон калууда.

«Мага инимден кат келгенде мен ага: «Унаа менен кырсыктадыңбы, эмне болдуң, айтчы? Мен азыр бара калайын» деп жооп жазгам. Бирок ал убакта менин инимдин телефону кыздын эжесинин колунда экен. Кыздын эжеси бизге: «Мен телефонду баланын колунан жулуп алдым» деп, кайра: «Экөө үйгө келип отуруп, чай ичкенден кийин ал телефонун таштап кеткен» деп эки башка сөз айтууда. Бул жерде экөөнүн өлүмү табышмактуу болуп жатат. Биз иниме телефон чалып жаттык. Телефону кыздын эжесинде болсо дагы бизге жооп берип койгон жок. Саат 08:30да жооп берди. Иним бизге башка телефондон таңга маал кат жазып, андан кийин экөө көз жумган экен.

Эне сезет экен. Апам ооз бекитип жатып дагы иниме телефон чалган. Ал эми милициядан мага: «Эже, иниңиз кылмыш кылыптыр, РИИБге келиңиз» деп айтканда, мен инимдин жер карап отурганын эмес, өлүп калганын сездим. Жумуштан чыгып РИИБге барсам, алар: «Эже, ушундай окуя болуптур» деп угузушту. Ошол жерден эмне кыларымды билбей калдым. Бир тууганымдан айрылып калдым», - деди ал.

Илим Сокулук районунун 1-Май айылында 27-май күнү акыркы сапарга узатылды. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси болчу. Быйыл Бишкектеги №100 кесиптик лицейди аяктап, электромонтаж боюнча адистикке ээ болгон.

---------------------------------------------------------------

«Өлөбүз деп кеткен эмес...»: Сүйгөн жигити менен кошо өз жанын кыйган Айдайдын эжеси окуя тууралуу айтып берди

Илим менен бирге асынып көз жумган өспүрүм кыздын эжеси да өзүнүн версиясын айтып берди.

Маркум Айдайдын (Д.А., ысымы өзгөртүлдү) эжеси Доктурбек кызы Флора: «Ошол күнү экөө чогуу биздин үйгө келишкен. Сиңдим «эшикке чыгасызбы» деп телефон чалганынан эшикке чыктым. Ал баланы мага тааныштырып, «бул баланын аты Илим (М.у.И., ысымы өзгөртүлдү), а бул менин эң жакшы көргөн эжем Флора» деди. Ал баланы мурда көргөн да эмесмин, экөөнүн сүйлөшүп жатканын уккан да эмесмин. Ал бала менден Гагарин көчөсүнө бара турчу кичи автобусту сурады. Гагарин көчөсү каякта экенин деле билбептирмин. «Каякта ал Гагарин?» десем эле, Ак-Ордо жакта дегендей болду. «Ак-Ордо болсо Горький көчөсүнө чыксаң, №222 кичи автобус каттайт» деп түшүндүрүп, айтып бердим.
Ошондон кийин сиңдиме үйгө кирип тамак жасай бер деп айтып, өзүм жумушка кеттим. Ал жигит болсо жол жакка басып кетти. Мен бир аздан кийин үйгө кирсем, экөө кайра жолугуп алып, кетип калышыптыр. Алардын кетип баратканын бир кошунам айтып калды. Мен дароо эшикке чыксам, экөө тең жолдо экен. «Бери келгиле» десем, экөө качып жөнөштү. Үнүмдү бийик чыгарып, дагы бир жолу «Бери келгиле!» десем, экөө токтоп, кайра мени көздөй келишти. Мен Айдайга карап, «каякка баратасың, эмне болуп жатасың?» десем, ал бала ошол жерден «мен Айдайды алмакмын, сөйкө салмакмын» деп айтып баштады. «Сен канчадасың?», деп сурасам, «2000-жылкымын» деди. Бала чынында жаш көрүнөт экен. Ошол жерден бала «биз кетебиз, биз үйлөнөбүз» деп сөзгө келбей баштады. Айдай унчукпай эле турду. Экөө баары бир кете турган болуп калды деген ой келди», - деди.

Ошол маалда Флора сиңдисинин колунда эки телефон бар экенин көргөн.
«Ал телефондордун бирин жулуп алсам, ал баланын телефону колума урунуптур. Ошентип эле алгач сиңдим, андан кийин ал бала басканда эле артынан мен да бастым. Сиңдим үйгө кирип кетти. Мен тиги балага кайрылып, «бул шаарды билбейт, сен муну каякка алып барганы жатасың? Үйгө кир» дедим. Бирок менин сөзүмдү укпай, сиңдим үйдөн бир рюкзак кийимин көтөрүп алып, экөө ээрчишип кетип калышты. Өлө турган кыз бир рюкзак кийимин алып кетпейт да. Биз деле ошондо экөө өлөт деп деле ойлогон жокпуз. Мен алар баланын үйүнө кетишти деп ойлодум. Ал эми телефонду ага муктаж болгонумдан алып калган жокмун. Эжеси болгондон кийин шаарга келген сиңдим үчүн жооптумун. Мен анын каякта жүргөнүн билүү үчүн же такыр болбосо ушул телефонду берем деп кайра келтирүү үчүн алып калгам. Ал баланын телефонуна бир да чалуу келген жок. Мен анын телефонун сыр белгилерден улам ача албай койдум. Сыр белгилерди билсем, мен деле баланын ата-энесине чалат элем», - деди ал (толугу менен бул шилтемеде).

---------------------------------------------------------------

Адам өлүмүнө байланышкан бул фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тиешелүү органдардын өкүлдөрү тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×