Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 09.06.2019 20:30 На русском

Ошто туристтик милиция кызматы иштеп баштайт. Бош орундарга сынак жарыяланды

Туристтик милиция
Туристтик милиция

Turmush -  Ош шаарында туристтик милиция кызматы иштеп баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, туристтик взвод Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун карамагында болот. Туристтик милицияда иштөөнү каалагандар сынактын негизинде кабыл алынат. Сынакка жогорку билимдүү, чет тилдерди билген жана ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө талаптарына жооп берген жарандар катыша алат.

Туристтик милицияга кабыл алуу 19-июнга чейин жүргүзүлөт. Жалпысынан 20 офицердик бош орун бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн Ош ШИИБдин кадрлар бөлүмүнө же 03222 5 67 22 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×