Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.06.2019 20:07 На русском

Базар-Коргондо суудан 14 жаштагы баланын денесин алып чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Базар-Коргон районунда 4 күндөн бери изделип жаткан 14 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди.

Алардын айтымында, баланын денеси райондогу Чкалов айылына баруучу көпүрөнүн астынан табылган. Буга чейин анын денеси Кара-Үңкүр дарыясынан изделип жаткан.

ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн маалыматы боюнча, баланын денеси саат 14:00 чамасында ат менен изделип, табылган. Баланы издөөгө өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, 200дөн ашуун айыл тургундары жана Ош облусунан суучулдар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×