Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 08.06.2019 16:38 На русском

Видео — Кадамжайда Бүткүл дүйнөлүк тамак-аштын коопсуздук күнү белгиленди

Turmush -  Кадамжай районунда Бүткүл дүйнөлүк тамак-аштын коопсуздук күнүнө карата акция уюштурулду. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чындоо комитетинен билдиришти.

Акция кечээ, 7-июнь күнү Халмион айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн. Ага жалпысынан 500дөн ашуун адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аштын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш сатуучу жайлардын абалы текшерилди. Акция Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чындоо комитети жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык бөлүм тарабынан уюштурулган.

Бүткүл дүйнөлүк тамак-аштын коопсуздук күнү жыл сайын 7-июнда белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×