Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Талас облусуКара-Буура району 08.06.2019 13:38

Айыл турмушу: Баатыр эне М.Жуманалиева кол өнөрчүлүк менен алектенип каражат табууда

Turmush -  Баатыр эне Мария Жуманалиева айылдаштарына төшөк жасап, чапан тигип берет. Анын эмгектери менен аймакты кабарчы таанышты.

Мария Жуманалиева 1961-жылы Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында төрөлгөн. 1981-жылы коңшу Көк-Сай айылындагы жигитке турмушка чыккан.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма алып иштеп келе жатканыма 20 жылдай болуп калды. Башында майда-чүйдөлөрдү тигип коюп жүрдүм. Кийин айылдан кыздарга сеп даярдап, төшөк жасап бер деп суранып калышты. Ошентип ушул иш менен алектенип баштадым. Бирок эч убакта баасын койбойм. Кардарлар мен нааразы болбой тургандай кызмат акымды беришет (күлүп). Кол өнөрчүлөр жер төшөктү ар кандай суммада тигишет экен. Мен 250 сомдон тигип берем. Тиккениң туура эмес болуп калыптыр деген учурлар эч убакта болгон эмес. Жалаң гана рахматын айтышып, ыраазы болуп алып кетишет. Колумдан келген иш экен, эмгек кылып келем», - деди ал .

Мария Жуманалиева 7 баланын энеси. Ал «Беш жылдыз», «Топ курак» деп аталган курак төшөнчүлөрдү тигет.

«Биздин убакта 10-класска чейин гана окучубуз. Мектепти бүтүп, 2 жылдан кийин турмушка чыккам. Кудай берген 7 баланы жолдошум экөөбүз тарбиялап өстүрдүк.

Кол өнөрчүлүктүн окуусун атайын бүтпөсөм дагы апамдан өткөн өнөрдү калтырбай жүрөм. Апам шырдак шырчу. Ал төшөктөрдү курап, тигип жатканда карап отуруп эле өздөштүрүп алгам. Балдарга чыптама тигип, кичинекейлерге чапан бычып тигем. Алгач 10-класста окуп жүргөндө чыптама тиккем. Классташ кызым сиңдисинин туулган күнүнө чакырды. Ошондо мен дагы бала экенмин. Апамдын сандыгында матасы (кездеме) бар экен. Андан кичинекей кызга болжоп көйнөк жана чий-баркут кездеме мода болгон, ошондон чыптама тиктим. Үйүнө барып кийгизсем туура келип, апасы дагы ыраазы болду. Ошондо колумдан келет экен, тиксем болот экен деп баштап кеткем. Жолдош келиндер арасында бала көрүүгө барарда дүкөндүкүн эмес, тигип келчи деп суранып калышат. Негизи кыргыз чапандар жылуу болот да. Мен өзүм азыркы курткаларга караганда чапандарды кийгенди жакшы көрөм. Биринчи балам 1982-жылы, экинчи кызым 1983-жылы төрөлгөн. Аларга кичинекейинде колдон эле чапан, баш кийим тигип берчүмүн.

Азыркы кийимдердин көпчүлүгү сыдырма. Анын үстүнө куртканын туш тарабынан жел кирип жаткандай сезилет. Мындан башка «Беш жылдыз», «Топ курак» деп аталган курак төшөнчүлөрдү тигем. Айыл ичинен септен башка чапанга дагы буйрутмаларды беришет. Кыздарыма септи өз колум менен даярдадым», - деп кошумчалады кол өнөрчү.

«Эне даңкы» медалынын ээси Мария Жуманалиева 2014-жылы «Баатыр эне» сыйлыгына ээ болгон.

«Жолумду улап кичүү кызым тигип калат. Синтетика кийимдерге караганда колдон тигилгендер жакшы да.

Бир жолу бир жерде отурсам, бир апа мен тиккен чапанды айтып жатты. Ал чапаным эсимден чыгып кетиптир. Көрсө ошол апанын кызы менен 10 жылдай союздун мал чарбасында чогуу жүрүптүрбүз. Анын удаа төрөлгөн кыздары бар болчу. Аларга чапан тигип берип кийгизгем. Союздун ак койлорунун жүнүн жууп, тытып кездемеге каптап туруп тигип бергем. Ал апа балдарынын баары ошол чапандар менен чоңойду деп айтты.

Бош убакта гүл өстүрөм. Аларды жакшы көрөм. Кээде маанайым бузулуп турганда гүлдү карап, суугарып эс алам. Үйдө гүлдүн өсүп турганы жакшы го. Көчөт, уруктарын Бишкектен бери алып келип турам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×