Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 10.06.2019 11:42 На русском

Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)

Окуя болгон күнү тартылган сүрөт
Окуя болгон күнү тартылган сүрөт

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун экинчи орун басары Эмил Ажибеков сотто күбө катары суралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

7-июнь күнү Ош шаардык соту маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш ишин караган. Отурумда Эмил Ажыбеков күбө катары суралып, прокурор А.Мамажакыпов каза болгон күнү тартылып, социалдык тармактарга тараган сүрөттү ким тартканын айтып берди.

Анын айтымында, сүрөттү Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун досу — арак зоводунун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулу тарткан. Эмил Ажыбеков окуя болгон күнү жалгыз гана ал спирт ичимдигин ичпегенин айтты.

«Мен аң уулоого чыга турганыбызды Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдон уккам. Биз тоого чыгардан бир күн мурун тойдо болгонбуз. Эртеси тоого эки унаа менен барганбыз. "Лексус" унаасын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков башкарган жана анын жанында Баткен облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Алтынбек Кожоназаров, унаанын артында Баткен облусунун прокурорунун биринчи орун басары Аслан Байболсунов менен прокурор Анарбай Мамажакыпов отурган. Ал эми "Нивада" мен, унаанын рулунда арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулу, артында Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков менен Баткен облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Уланбек Эгембердиев отурган. Биз "Лексустун" артынан барганбыз. Ал жерде баары спирт ичимдиктерин ичип жатышкан. Мен спирт ичимдигин ичпегеним үчүн ошол күнү ичкен эмесмин. Баарынын маанайы жакшы болчу. Кайра келе жатканда Мелис Калыков менен Анарбай Мамажакыпов "Лексус" унаасында болчу. Калганыбыз кийинчерээк кеткенбиз. Үйгө барганда мага Мирлан Калыбеков чалып, "А.Мамажакыповго тартылган устукан кетип калбаптырбы?" деп сурады. Бир аздан кийин эле кайра чалып, прокурор (А.Мамажакыпов) жок болуп жатканын айтышты. Анан чогулуп, издеп баштадык», - деди Э.Ажибеков.

Анарбай Мамажакыпов аңчылыктаОкуя болгон күнү тартылган сүрөт

Андан соң М.Калыковдун жактоочулары социалдык тармактарга ошол күнү тартылган сүрөттү ким таратканын сурашты.

«Сүрөттү ким таратканын билбейм. Сүрөттөр бизге дагы келе элек болчу. Сүрөттү далил катары алган милиция кызматкерлери таратып жибериши мүмкүн», - дейт күбө Э.Ажибеков.

Turmush басылмасы 7-июнь күнү Ош шаардык сотунда Анарбай Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жакындары кайым айтышканын жазган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×