Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусуСокулук району 08.06.2019 10:49 На русском

«Өлөбүз деп кеткен эмес...»: Сүйгөн жигити менен кошо өз жанын кыйган Айдайдын эжеси окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында бакта асылып турган 2 адамдын денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдаган.

25-майда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери айылдын четиндеги бакта асылып турган 2 жансыз денени табышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Көп узабай маркумдардын өздүгү такталып, бири — Сокулук районунда жашап жаткан 19 жаштагы Илим (М.у.И., ысымы өзгөртүлдү), экинчиси — Нарындагы Кочкор районунун 16 жаштагы тургуну Айдай (Д.А., ысымы өзгөртүлдү) экени белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кочкор районунун 2003-жылы туулган тургуну Д.А. (өспүрүм кыз) 16-май күнү ден соолугуна байланыштуу окуусунан 3 күнгө суранып, Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен. Класс жетекчиси Г.Т. билдирген маалымат боюнча, Д.А. Бишкек шаарында бир тууган эжесинин үйүндө дарыланып жаткандыгы тууралуу маалымат алган. Ал эми 21-майда Д.А. сабакка катышпагандыктан апасы Д.С. менен телефон аркылуу байланышкан. Апасы кызы ооруканадагы дарыгерлерге көрүнүп жаткандыгын билдирип, китептерин мектепке берип жиберген.

«Өспүрүм кыз 10-класстын окуучусу болгон. Жети бир тууган, энеси эч жерде иштебейт. Атасы Ш.Д. көз жумганына көп жыл болгон. Бул окуя Чүй облусунун Сокулук районунда болгонуна байланыштуу тергөө, териштирүү иштерин Чүй ОИИБ жүргүзүп жатат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул жолу маркум Айдайдын (Д.А., ысымы өзгөртүлдү) эжеси Доктурбек кызы Флораны сөзгө тартты.

«Ошол күнү экөө чогуу биздин үйгө келишкен. Сиңдим «эшикке чыгасызбы» деп телефон чалганынан эшикке чыктым. Ал баланы мага тааныштырып, «бул баланын аты Илим (М.у.И., ысымы өзгөртүлдү), а бул менин эң жакшы көргөн эжем Флора» деди. Ал баланы мурда көргөн да эмесмин, экөөнүн сүйлөшүп жатканын уккан да эмесмин. Ал бала менден Гагарин көчөсүнө бара турчу кичи автобусту сурады. Ушул Гагарин көчөсү каякта экенин деле билбептирмин. «Каякта ал Гагарин?» десем эле, Ак-Ордо жакта дегендей болду. «Ак-Ордо болсо Горький көчөсүнө чыксаң, №222 кичи автобус каттайт» деп түшүндүрүп, айтып бердим. Ошондон кийин сиңдимди үйгө кирип тамак жасай беришин айтып, өзүм жумушка кеттим. Тиги жигит болсо жол жакка басып кетти. Мен бир аздан кийин үйгө кирсем, экөө кайра жолугуп алып, кетип калышыптыр. Алардын кетип баратканын бир кошунам айтып калды. Мен дароо эшикке чыксам, экөө тең жолдо экен. «Бери келгиле» десем, экөө качып жөнөштү. Үнүмдү бийик чыгарып, дагы бир жолу «Бери келгиле!» десем, экөө токтоп, кайра мени көздөй келишти. Мен Айдайга карап, «каякка баратасың, эмне болуп жатасың?» десем эле, тиги бала ошол жерден «мен Айдайды алмакмын, сөйкө салмакмын» деп айтып баштады. «Сен канчадасың?», деп сурасам, «2000-жылкымын» деди. Бала чынында жаш көрүнөт экен. Ошол жерден бала «биз кетебиз, биз үйлөнөбүз» деп сөзгө келбей баштады. Айдай унчукпай эле турду. Экөө баары бир кете турган болуп калды деген ой келди», - деди ал.

Ошол маалда Флора сиңдисинин колунда эки телефон бар экенин көргөн.

«Ал телефондордун бирин жулуп алсам эле, тиги баланын телефону колума урунуптур. Ошентип эле алгач сиңдим, андан кийин тиги бала басканда эле артынан мен да бастым. Сиңдим үйгө кирип кетти. Мен тиги балага кайрылып, «бул шаарды билбейт, сен муну каякка алып барганы жатасың? Үйгө кир» дедим. Бирок менин сөзүмдү укпай, сиңдим үйдөн бир рюкзак кийимин көтөрүп алып, экөө ээрчишип кетип калышты. Өлө турган кыз бир рюкзак кийимин алып кетпейт да. Биз деле ошондо экөө өлөт деп деле ойлогон жокпуз да. Мен алар баланын үйүнө кетишти деп ойлодум. Ал эми телефонду ага муктаж болгонумдан алып калган жокмун. Эжеси болгондон кийин шаарга келген сиңдим үчүн жооптумун. Мен анын каякта жүргөнүн билүү үчүн же такыр болбосо ушул телефонду берем деп кайра келтирүү үчүн алып калгам. Ал баланын телефонуна бир да чалуу келген жок. Мен анын телефонун сыр белгилерден улам ача албай койдум. Сыр белгилерди билсем, мен деле баланын ата-энесине чалат элем», - деди ал.

Флора маркум Илимдин эжеси жалган жалаа жаап, калп сөздөрдү чыгарып жатканын белгилеп өттү.

«Мен баланын телефонун жулуп алып, экөөнү сабап, «бар өлгүлө» деп айткан жокмун. Бул жалган жалаа.«Айдай өлдүңбү?» деп кат жазды деп жатышат. Бул да жалган. Эжеси калп интервьюлардын баарын берип жатат. Мисалы, бирөөсүндө «апам ооз ачып жатып дагы, бекитип жатып дагы телефонуна чалды» деп айтыптыр. Ошол телефонго эч ким чалган жок. Ал жалган жалаа. Айдай өлөм деп кеткен эмес. Алар үйлөнөбүз деп кетишкен. Ал бала кызды үйүнө алып барган. Алар болсо кызды киргизбей, экөөнү кууп жиберишкен. Экөө ошолордун үйүнө жакын жерден өлүп жатат.

Мен телефонду сыр белгиден чыгара албай жатканымды, экөө ээрчишип кеткен бойдон келбей жатышканын Москва шаарындагы сиңдиме айттым. Ал «эртең менен ЦУМга («Айчүрөк» дүкөнү) барып, сыр белгиден чыгарып, ата-энесине чалыңыз» деди. Мен эртең менен ЦУМга баргыча эле саат 09:00 чамаларында аталган суук кабарды угузушту. Апасы деле намаз окуп, чындыкты сүйлөгөн аял экен. Ал «балам түз жүрчү, мен ага ишенип, телефон чалган эмесмин» деп жатат. Мунун баарын кылган эжеси. Ал өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып жатат. Кошуналары «бул бала эч жерде иштебей эле мал бакчу» деп айтышты. Эжеси «5 айдан бери дос баласы экөө иштеп жүргөн» деп айтууда.

Мен таң атканча уктаган жокмун. Экөөнө сарсанаа болуп чыктым. Эртең менен милициядан мага чалып, «Айдай бир бала менен чогуу оор кылмыш жасап, телефон уурдашыптыр. Экөө Сокулук РИИБде» дегенде эле билдим. «Айдай телефон уурдачу эмес эле, экөө бир нерсе болгонбу?» деген ой жүрөгүмдү тилип кетти. Ошол жерден жалдырап эле эмне кыларымды билбей калдым. Анан жолдошума телефон чалдым», - деди ал.

Маркум Айдай үй-бүлөдө жети бир туугандын алтынчысы болгон. Ал келечекте дарыгер болууну кыялданчу.

«Биз жети бир тууганбыз. Алты кыз, бир уул. Сиңдим жакшы окучу. Бардык нерсеге шыктуу болчу. Күлүп жайнаган, ак көңүл, кичи пейил, такыр кабагым-кашым дечү эмес. Келечекте дарыгер болсом деп кыялданчу. Сиңдим тилеген тилегине жетпей калды…», - деди эжеси көзүнө жаш алып.

------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маркум Илимдин (М.у.И., аты өзгөртүлдү) үйүнө барып, туугандарына жолугуп, алардын пикирин уккан.

Алардын айтымында, 25-май күнү Ала-Тоо 3 жаңы конушунун четиндеги дарактан Илимдин асылып турган денеси табылган. Саат 07:00 чамасында дыйкандардын бири эки адамдын асынган денесин көрүп, милицияга кабарлаган.

19 жаштагы Илимдин бир тууган эжеси Зыйнат Бердигулованын айтымында, иниси ага ошол күнү саат 06:38де «Мени кечиргилечи, мен баарыңарды жакшы көрөм» деген СМС билдирүү жиберген. Ушундай эле СМС билдирүүнү ал апасына дагы жөнөткөн.

«Иним өлө турган бала эмес болчу. Жаман адаттардан алыс, бир калыпта жүргөн бала эле. Ушул күнгө чейин бир кыз менен сүйлөшкөнүн уккан эмесмин. Эмне үчүн мен ошол кыз менен сүйлөшүп жатканын билбей калдым? Эмне үчүн ал өлүп калды? Бизге түшүнүксүз болууда.

Экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн кыздын эжеси билген экен. Балким ал экөөнүн мамиле куруусуна каршы болгондур. Окуя болгонго чейин инимдин телефонун кыздын бир тууган эжеси жулуп алыптыр. Эгерде ошончолук бир тууган сиңдисине күйсө, менин инимдин телефону менен бизге эмнеге байланышкан жок? Эгер биз менен байланышып: «Балаңар менен биздин кыз сүйлөшөт экен. Эмне кылалы, уулуңарды үйлөнтөсүңөрбү?» деп айтышса, биз окуянын чоо-жайын түшүнүп, маселени чечет элек. Эгер биз «кызыңарды балабызга алып бере албайбыз» деп айтсак, анда ушундай жолго барса болот эле.

Алар кыздын иним менен сүйлөшүүсүнө каршы болгондуктан өспүрүм кыз ушундай кадамга барып жатат. Анын жанында менин чырактай болгон бир тууганым кошо өлдү. Кыз тараптын айтканы аудио жазууда бар. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда эки жаштын өлүмү табышмак бойдон калууда.

«Мага инимден кат келгенде мен ага: «Унаа менен кырсыктадыңбы, эмне болдуң, айтчы? Мен азыр бара калайын» деп жооп жазгам. Бирок ал убакта менин инимдин телефону кыздын эжесинин колунда экен. Кыздын эжеси бизге: «Мен телефонду баланын колунан жулуп алдым» деп, кайра: «Экөө үйгө келип отуруп, чай ичкенден кийин ал телефонун таштап кеткен» деп эки башка сөз айтууда. Бул жерде экөөнүн өлүмү табышмактуу болуп жатат. Биз иниме телефон чалып жаттык. Телефону кыздын эжесинде болсо дагы бизге жооп берип койгон жок. Саат 08:30да жооп берди. Иним бизге башка телефондон таңга маал кат жазып, андан кийин экөө көз жумган экен.

Эне сезет экен. Апам ооз бекитип жатып дагы иниме телефон чалган. Ал эми милициядан мага: «Эже, иниңиз кылмыш кылыптыр, РИИБге келиңиз» деп айтканда, мен инимдин жер карап отурганын эмес, өлүп калганын сездим. Жумуштан чыгып РИИБге барсам, алар: «Эже, ушундай окуя болуптур» деп угузушту. Ошол жерден эмне кыларымды билбей калдым. Бир тууганымдан айрылып калдым», - деди ал.

Илим Сокулук районунун 1-Май айылында 27-май күнү акыркы сапарга узатылды. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси болчу. Быйыл Бишкектеги №100 кесиптик лицейди аяктап, электромонтаж боюнча адистикке ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×