Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусу, Нарын 07.06.2019 17:00

Айыл турмушу: Ж.Асанова совет учурундагы бухгалтерлердин түйшүгүн айтып берди

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Жолдошбүбү Асанова 8 жыл экономист, 12 жыл кассир болуп эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жолдошбүбү Асанова 1957-жылы 1-январда Нарын шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктап, 1973-жылы Фрунзе шаарында Унаа жол техникумунун бухгалтерия факультетин аяктаган. 1975-жылы эмгек жолун жүк ташуучу автобазада баштаган. Андан кийин экономист болуп 1996-жылга чейин иштеп, 1978-жылы турмушка чыккан. 5 кыз, 1 уулу, 14 небереси бар.

«Турмушка чыккандан кийин балалуу болуп, декреттик өргүүгө чыктым. Ошондо үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруп калдым. 6 балам бар. Балдарды окуттук, баарын жогорку билимдүү кылдык. 2004-жылы балдардын атасы каза болуп калды. Андан кийин түйшүктү жалгыз тартканга туура келди. Союз тарагандан кийин жумуштардын баары жоюлуп, кыйынчылык болгон.

Андан кийин райондук мамадминистрацияда айыл чарба багыты боюнча иштедим. Кийин ал жумуш жоюлуп кетти. Ошентип пенсияга чыктым. Бирок кайра №30 кесиптик лицейге кассирлик жумушта иштеп калдым. 2018-жылдын 1-январына чейин иштедим», - деди ал.

Жолдошбүбү Асанова Нарын облусунун «Ардактуу айымы» төш белгисинин ээси.

«Балдырдын баары өз ордун тапты. Кудайга шүгүр, элдин пейили дагы оңолуп калды. Азыр небере багып үйдөмүн. Союз убагында жумушта тартипти, жоопкерчиликти талап кылчу. Мисалы, жумуш убагында балаң ооруп калса деле аны бирөөлөргө табыштап коюп жумушка барчубуз. Жумушту биринчи орунга коюп койчубуз. Жумуштан 1 мүнөт кечигүү деген болчу эмес. Тартип катуу болчу», - деди ал.

Жолдошбүбү Асанова бир катар облустук, райондук ардак грамоталар, ыраазычылык каттарды алган.

«Мурда биз жазып эсептечүбүз. Азыркыдай компьютер жок. Кийин электрондук машинка чыкты. Жумуштан эсеп чыкпай калса үйдөн эсептеп чыкчубуз.

Өзүм 3 бир туугандын улуусумун. Мектепти бүткөндө мени ата-энем медик кылабыз деп аракет кылышты. Сынак тапшырып өттүм. Бирок такыр эле окугум келбей койду. Кичүү кызым менен үчүнчү кызым жолумду жолдоду. Андан сырткары келиним дагы бухгалтер. Уулум аскер кызматкери. Бир кызым журналист», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×