Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 16:42 На русском

«Саясатчы соода борборунан 350 миң доллар пайда табат. Силер чоң шаардан 30 млн сом чогултасыңар», - Оштун мэри

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов (ортодо)
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов (ортодо)

Turmush -  Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өттү. Жыйында шаардагы бир катар мекеме-ишкананын жетекчилери сынга кабылды.

Сынга кабылгандардын катарында Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси дагы бар. Мэр Таалайбек Сарыбашов Бишкектеги бир соода борборун мисал кылып, аны курдурган саясатчы жакшы киреше таап жатканын билдирди.

«Саясатчы кичинекей соода борборунан 350 миң доллар пайда таап жатат. А бизде чоң шаарда 30 млн сом ижара акысын чогултуп жатасыңар. Башкармалыктын бөлүм башчысын жумуштан алгандан көрө министрди кызматтан алуу оңой. Себеби бөлүм башчыда "доля" бар экен. Силерге 150 млн сом десек чогулта аласыңар. Болгону өзүңөр кызыкдар эмессиңер», - деди мэр.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошевге сөгүш жарыяланганын жазган.

Таалайбек Сарыбашов А.Жолдошевге: «Бишкек шаары чоң болушу мүмкүн. Бишкекте да силерге окшогондор отургандыр. Отуруп алып акча жасап жатасыңар. Бул тармакта жылыш жок. Сиз кайсы окуу жайды бүтүргөнсүз?», - деп суроо узатты.

А.Жолдошев: - Оштон эле бүткөм.

Мэр: - Эмне үчүн ашык адам иштетип жатат? Маалым катта дагы жазылып турат. Шаарда мыйзамсыз курулуштар көп курулуптур. Буга ким жооп берет?

А.Жолдошев: - Биз өзүбүздүн функционалдык милдеттерибизди аткарып жатабыз.

Мэр: - Урматтуу Ажимурат мырза, ошончо адам менен жакшы иш алып бара албай жатасыңар.

Мен башчыңарды айтсам, силер «жакшы экенбиз» деп ойлоп албагыла. Силер башкармалыкта эки-үчкө бөлүнүп алыптырсыңар. Жетекчиңер башка, орун басарлары башка саясат жүргүзөт экен. Ажимурат мырза, мындай болбойт. Карагыла, оңдогула, иштегиле!

Ажимурат Жолдошев, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кетти. Элдин нааразычылыгы күчөдү. Сиз трибунага чыгып, «кетүүгө даярмын» дедиңиз. Мен ордуңузда болгондо кетип калмакмын. Орустарда «Жигит мактанып кетпейт, жасай албаганы үчүн кетет» деген сөз бар. Мындай сынды уккандан көрө кызматтан кетип калыш керек. Архитектура башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыялансын.

Ал эми Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жумушуна шалаакылык мамиле жасап жатышканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардагы архитектура жана экотехинспекциянын кызматкерлеринин үстүнөн 9 кылмыш иши каралууда.

«Ош шаарында 600 миңдей калк жашайт. Биздин башкармалыкта 30 гана кызматкер иштейт. Силер көп иштерди бат эле прокуратурага өткөрүп жибересиңер. Аны бизге чейин жеткирбей, өзүңөр деле бүтүрсөңөр болот. Мыйзамда шалаакылык беренеси бар. Түз кылмыш жана кыйыр кылмыш деген бар. Жетекчилер кыйыр кылмышка өтүп алгандай. Бөлмөсүндө отурушат, кат келсе жооп берип коюшат», - деди прокурор.

Жыйындын алкагында мэр Т.Сарыбашов райондук электр тармагы ишканасынын башчысы Бектемир Токторбаевди да сындады.

«Жаңы ишке келип эле сени кызматтан алсам туура эмес болуп калат. Жаш экенсиң, "бала-чака багат" деп жумуштан алган жокмун. Жакында элдик жыйын болот, ошондо сын айтылса, арызыңарды жазып, кеткиле», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×