Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 11:37 На русском

Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму кайым айтышуу менен башталды. Видео

Turmush -  Ош шаардык сотунда Анарбай Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жакындары кайым айтышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралып жатат.

Соттук отурум эки тараптын кайым айтышуусу менен башталып, судья аларды тынчтандырган.

Учурда окуянын күбөлөрү суралып жатат.

Буга чейин 22-майда дагы Ош шаардык сотунда А.Мамажакыпов менен Мелис Калыковдун жакындары жана туугандары бири-бири менен кайым айтышып кетишкен.

Ошондой эле 7-май күнү дагы Ош шаардык сотунун алдында эки тараптын катышуусунда жаңжал чыккан.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

07.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Маркум менен шектүүнүн жакындары кайым айтышты. Видео
07.05.2019Чыр менен башталган сот: Баткендин прокурорунун өлүмү боюнча биринчи отурумдун күнү белгилүү болду (видео)
21.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Тергөө иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө арыз райондук сотто каралды
22.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Соттук отурумда жаңжал чыкты. Видео
22.05.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Судья менен шектүү кайым айтышты. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×