Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусуСокулук району 07.06.2019 11:25 На русском

«Таң аткыча телефонду чукулап отурган»: Сокулуктагы «крутой» мектептин окуучусу асынып алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейиндеги 9-класстын бүтүрүүчүсү А.Ж. асынып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдаштары билдиришти.

Ал эми мектептин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Гүлнур Акматова бул окуяны тастыктап, маркум мектептеги ийримдерден калбай, активдүү окуучу болгонун айтып берди.

Окуя ушул жылдын 3-июнунда болгон.

«Маркум А.Ж. 9-класстын сынактарын тапшырмак. 3-июнь күнү биринчи сынагын тапшырганы мектепке келмек. Ошол таңда бул каргаша болуптур. Түнкү саат 04:00гө чейин телефондон кимдир бирөө менен сүйлөшүп отурган экен. Таенесинин айтымында, үйүндөгүлөр ал асынып алган жип каяктан келгенин билишпейт. Алдын ала даярданган окшойт. Телефону дагы өчүк экен. Ал телефонун каякка койгонун таппай жатышат. Саат 04:00гө чейин телефонду чукулап, андан кийин асынып алган окшойт. Эртең менен таңкы саат 06:00дө көрүшүптүр.

Бардык ийримдерге катышкан активдүү бала болчу. Театрга, хорго катышчу, комуз чертчү. Абдан чыгармачыл бала болчу», - деп билдирди ал.

Айылдаштары бул окуя жактырып калган кыздын айынан да болушу мүмкүн дешет.

«Таенесинин айтымына караганда, бир кыз менен телефон аркылуу жазышкан окшойт. Ошол кыз балага туура жооп бербей койгондой. Ушул дагы буга түрткү болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Апасы, таенеси менен бирге жашачу, жалгыз бала болчу. Атасы менен апасы ажырашып кетишкен окшойт. Эмнегедир атасы алар менен бирге жашабайт», - деп билдиришти алар.

Маркум А.Ж. окуган мектептин айласындагы ата-энелерден акча чогултуу маселеси боюнча чыр талкууга жем таштаган болчу.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айыл өкмөтүнө караштуу Арал орто мектебиндеги 8-класстын бүтүрүүчүсү бакка асынып алгандыгы маалымдалган.

Окуя 5-июнда Айт күнү болгондугун мектеп директору Элмира Асанкулова тастыктап, маркум М.М. элпек, бир мүнөз кыз болгонун белгиледи.

«Социалдык абалы канааттандырарлык эмес. Батирден батирге көчүп жашагандыктан биздин мектептен кетип, кайра келип окуп жүрдү. Сынактарын жакшы тапшырган. Классташтары менен мамилеси жакшы, бирок өтө жакын дос кыздары жок болчу. Өзү бир аз түнт кыз эле. Бир нерсеге жумшасаң элпек, чыйрак, ак көңүл болчу. Биз ага жардам берүүгө аракет кылчубуз. Апасы аны сабактан көп алып калчу. «Мен жумушка кетип жатам, баламды карап турсун» дечү. Ортодо мектептен такыр эле чыгарып алууну да көздөп жүрдү. Бирок биз окутуу керек экенин айтып, түшүндүрүп келгенбиз. 30-майда эс алууга кетти. Ошону менен мектептен көргөн жокпуз. Кечээ бул кабарды угуп, жаман абалда болдук. Биздин мектепте буга чейин мындай окуя болгон эмес», - деди ал.

Ал эми айылдаштарынын айтымында, аны үйүндөгүлөрү айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен.

«Атасы менен жашашпайт окшойт. Аны көп көрбөйбүз. Апасы эптеп иштеп, балдарын багып жүрөт. Ошол күнү үйүнө айттап коноктор келген экен. Алар келип, дасторконго отурганда эле кыз сыртка чыгып кетиптир. Ошону менен апасы, үйүндөгүлөр маркум М.М.ны айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен экен. Көрсө короодогу бакка асынып алыптыр. Ал асынууга даярданыптыр деп да айтышууда», - деди айылдаштары.

Маркум М.М. үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×