Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 19:13 На русском

3 курбуну бычактаган жаш кызды кантип колго түшүрүшкөн? Жабырлануучу менен күбөнүн көрсөтмөсү. Видео

Окуя болгон жердеги көп кабаттуу үй
Окуя болгон жердеги көп кабаттуу үй

Turmush -  Ош шаарында 3 курбуну бычактаган 20 жаштагы кыз Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашынган, деп билдирди аймактык кабарчыга окуянын күбөсү болгон Г. аттуу айым.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери бычактаган кызды жашынган батиринен кармап кетишкен. Г. айым аталган көп кабаттуу үйдө суткага ижарага бериле турган ондогон батир бар экенин кошумчалады. 3 жаш кызды бычактаган кыз дагы ижарага батир алган.

«5-июнь күнү таңкы саат 4:00 чамасында мен жашаган үйдүн артында кыйкырык-өкүрүк чыгып, ызы-чуу башталды. Чуркап барып терезеден карасам, кыздар мушташып жатыптыр. Он чакты кыз ары-бери чуркап, кыйкырып жүрүптүр. Эки-үчөө качып жөнөдү. Калган кыздар “бычак сайып кетти, канап жатат” деп кыйкырып жатышты. Мен ушул үйдүн биринчи подъездинде жашайм. Ошол бычактаган кыз качып келип, мен жашаган батирдин маңдайындагы батирлердин бирине жашыныптыр. Жарым сааттан кийин ызы-чуу болуп, эшиктерди такылдатып башташты. Сыртка чыксам, милиция кызматкерлери экен. “Эмне болду?” деп сурасам, “бычактаган кыз ушул батирлердин бирине жашынды. Биз аны колго түшүрүү үчүн келдик” деп айтышты. Мен жашаган подъездде төрт батир бар. Анын ээлери батирлерин саатына, суткага ижарага беришет. Окуя болгон түнү бычактаган кыз дагы ошол батирлердин биринде болгон экен. Саатына берилген бул батирлердин айынан бизде тынчтык жок. Бул окуя алгачкысы эмес. Келгендер спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чегип, подъездди булгап кетишет. Тиешелүү жерлерге кайрылдым, бирок чара көрүшкөн жок», -деди Г. аттуу күбө.

Бычактан жаракат алган кыздар ошол түнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Нөөмөттөгү дарыгерлер тийиштүү жардам көрсөтүшкөн. Оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Уланбек Каримов учурда жаракат алган 2 кыздын абалы туруктуу оор экенин билдирди. 2 кыз атайын бөлмөгө которулса, 1 кыздын жаракаты жеңил болгондуктан, алгачкы медициналык жардам гана көрсөтүлгөн.

«5-июнь күнү таңкы саат 5:00 чамасында биздин бөлүмгө 3 кыз бычактан алган жаракаты менен түшкөн. Алардын бирөөсүнүн санына, бирөөсүнүн балтырына, дагы бирөөсүнүн көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайылган. Бирок көкүрөгүнө бычак тийген кыздын жаракаты жеңил болгондуктан, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган. Калган эки кызга операция жасалып, кесилген кан тамырларын уладык. Бүгүнкү күндө кыздардын абалы канааттандырарлык», - деди дарыгер У.Каримов.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, урушкан кыздар буга чейин тааныш болушкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков алардын ортосунда ич ара пикир келишпестиктер болгонун билдирди.

«Ош шаарындагы кафелердин биринде эс алып жаткан кыздардын бири тааныш кызына телефон чалып, уруша кеткен. Пикир келишпестиктен улам кафеде отурган кыздар 20 жаштагы кыздын үйүнө бармай болушат. Окуя болгон жерге 8 кыз барган. Ал эми 20 жаштагы кыз колуна бөтөлкө менен бычак көтөрүп чыккан. Алар кайым айтышып, бычак көтөрүп чыккан кыз 3 курбуга бычак сайганда жанындагы кыздар качып кетишкен. Тергөө иштеринин алкагында бычактаган кыздын үйүнө барган курбулардын күнөөсү аныкталса, алар да мыйзам чегинде жоопко тартылышат», - деди З.Сыдыков.

---------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы 3 кызды бычактаган 20 жаштагы кыз 48 саатка камалганын жазган.

Маалыматка караганда, шектүү — Сузак районунун 1999-жылы туулган тургуну К.Ж. болгон. Ал Ош шаарында жашап жүргөн.

Ошондой эле бычакталган кыздардын курбусу — окуяга күбө болгон кыздын апасы окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, кызы Ош ШИИБде күбө катары сурак берип жатат. Кызы окуя болгон күнү туулган күнгө кеттим деп үйүнөн кечке маал чыгып кеткен. Маалыматты толугу менен бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык фактысы боюнча катталган.

Нож, изъятый в Оше

Курбулар жаракат алган бычак

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×