Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусуСокулук району 07.06.2019 09:32 На русском

«Айттап кетти деп ойлошкон»: Сокулукта 8-класстын окуучусу бакка асынып алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айыл өкмөтүнө караштуу Арал орто мектебиндеги 8-класстын бүтүрүүчүсү бакка асынып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Окуя 5-июнда Айт күнү болгондугун мектеп директору Элмира Асанкулова тастыктап, маркум М.М. элпек, бир мүнөз кыз болгонун белгиледи.

«Социалдык абалы канааттандырарлык эмес. Батирден батирге көчүп жашагандыктан биздин мектептен кетип, кайра келип окуп жүрдү. Сынактарын жакшы тапшырган. Классташтары менен мамилеси жакшы, бирок өтө жакын дос кыздары жок болчу. Өзү бир аз түнт кыз эле. Бир нерсеге жумшасаң элпек, чыйрак, ак көңүл болчу. Биз ага жардам берүүгө аракет кылчубуз. Апасы аны сабактан көп алып калчу. «Мен жумушка кетип жатам, баламды карап турсун» дечү. Ортодо мектептен такыр эле чыгарып алууну да көздөп жүрдү. Бирок биз окутуу керек экенин айтып, түшүндүрүп келгенбиз. 30-майда эс алууга кетти. Ошону менен мектептен көргөн жокпуз. Кечээ бул кабарды угуп, жаман абалда болдук. Биздин мектепте буга чейин мындай окуя болгон эмес», - деди ал.

Ал эми айылдаштарынын айтымында, аны үйүндөгүлөрү айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен.

«Атасы менен жашашпайт окшойт. Аны көп көрбөйбүз. Апасы эптеп иштеп, балдарын багып жүрөт. Ошол күнү үйүнө айттап коноктор келген экен. Алар келип, дасторконго отурганда эле кыз сыртка чыгып кетиптир. Ошону менен апасы, үйүндөгүлөр маркум М.М.ны айттап жүрөт деп ойлоп отура беришкен экен. Көрсө короодогу бакка асынып алыптыр. Ал асынууга даярданыптыр деп да айтышууда», - деди айылдаштары.

Маркум М.М. үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×