Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 07.06.2019 09:22

Күндүн видеосу: Бакен, болду кеттик...

Turmush -  5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Айт намаздан кийин мечиттин жанында мушташ чыгып, анын кесепетинен эки өспүрүм бала жабыркаган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Андан кийин айылда жаңжал чыгып, 32 адам кармалган. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги кармалган адамдар камактан бошотулганын билдирген болчу.

Бул видео дал ушул жаңжал учурунда тартылып, учурда социалдыктар тармактарга тарап жатат. Видеодон эки адамдын үндөрүн угууга болот. Бири экинчисине: «Бакен, буларга кошулуп жатат. Жылалы, азыр балдар качат. Бакен, кетели, балдар качып жатат «уже». Бакен, болду кеттик...» десе, экинчиси: «Давай кеттик...», - деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×