Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 06.06.2019 17:04 На русском

«Өзгөчө ысым»: Жунусов аксакалдын атын алгач уккандар боору эзилгиче күлүшөт

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 72 жаштагы тургуну Үтүр Жунусов. Ал ысымына байланыштуу көп окуяларга кабылып, анын атын уккандар күлө турганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Үтүр Жунусов жогорку билим алып, аталган айыл өкмөттө эмгектенген.

«Мен 1947-жылы 10-август күнү Орток айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш жайлоосунда боз үйдө төрөлгөм. Себеби атам ошол жердеги карагайларды кыркып, карагайчы болуп иштечү эле. Эс тартып, чоңоюп калганымда Дөбөлү айылына келип, 1-класска киргем. Мектепти бүтүп, Каракол шаарындагы бухгалтердик мектептен бир жыл билим алып, алгачкы эмгек жолумду Дөбөлү айыл өкмөтүндө баштадым. 1976-жылдан 1980-жылга чейин бухгалтер, андан соң кампа башчысы болуп иштеп, бүгүнкү күндө ардактуу эс алуудамын. 1982-жылы Бишкек айыл чарба техникумунун зоотехник жагын сырттан аяктагам», - деди ал.

Үтүр Жунусов: «Атымды Орток айылындагы Жумабай деген аттуу-баштуу чоң молдо койгон. Себеби эң улуу эжемден кийин бир агам чарчап калыптыр. Ошондон улам ата-энем коркуп калышкан экен. Ошондо Жумабай молдо мени да "чарчап калбасын, артынан дагы бала келсин" деп, Үтүр деп коюптур. Анткени сүйлөм бүтүп калбай уланышы үчүн чекит эмес, үтүр коюлат эмеспи. Атымды уккандар азыркы күнгө чейин таң калып же боору эзилгенче күлүшөт. Буга чейин жана азыркы тапта дагы ысымым тууралуу көп окуяларга туш болуп келем. Алгач мектепке барганымда классташтарым атымды угуп шылдыңдашкан, курсташтарым да таң калышкан. Кайын журтум жана жубайым дагы күлгөн.

Өзүмдүн атым менен сыймыктанам, мааниси жагынан да жакшы, эч кимде жок ысым. Неберелериме да меникиндей өзгөчө ат коёюн дегем. Бирок балдарым болбой, өздөрү каалаган ысымды коюшту», - деди.

Үтүр Жунусов менен жубайы 1972-жылы баш кошушкан. Учурда алардын 2 кыз, 2 уулу жана 7 небереси бар. Ал жубайы Бурулбүбү Майкеева менен дүкөндөн таанышкан.

«Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынан болом. Ошол кезде дүкөндө соода кылчумун. Жолдошум дүкөнгө келип, таанышып калдык. Алгачкы ирет анын атын угуп, ишенбедим. Паспортун көргөзгөндөн кийин ишенип, боорум эзилгенче күлгөм (күлүп)», - деди ал.

-------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин өзгөчө ысымдын ээси — 67 жаштагы Форель Өмүралиев Turmush басылмасына маек берген эле. Ал Тоң районунун Ак-Сай айылында жашайт. Орто билимдүү, пенсияга чыкканга чейин айдоочу болуп эмгектенген.

Өзүнүн айтымында, ага Форель деген ысымды атасы Жамаке ыйгарган.

«Апамдын боюнда бар кезинде атам түшүндө форель көргөн экен. Анан ойгонуп, үйдүн жанында аккан суудан чака менен суу алса форель кошо сузулуптур. Аны үйгө алып барып, идишке куюп, кайра барып сузса дагы бир форель сузулуптур. Ал убакта сууда балык көп болчу. Ошентип эркек төрөлсө атын Форель коём деп, атымды Форель койгон экен», - дейт ал.

Анын айтымында, ал тогуз бир тууган жана алардын аттары дагы өзгөчө.

«Бир туугандардын эң улуусу — Тилебалды, бирок бул атын айтсаң эч ким тааныбайт, себеби аны баары Тюлень деп айтышат. Андан кийинки Айымбүбү аттуу эжемди баары Акула деген ысым менен таанышат. Анан мен — Форель, менден кийин Гүлбайра, Айгүл деген карындаштарым, анан Каныбек, Окен аттуу инилерим бар. Окен деген инимди айылдыктар Орёл деп аташат. Андан кийинкилери Кадыр иним, анан Гүлзада карындашым. Кызыктуусу — Тюлень, Акула, Орёл деген ысымдарды эл менин атыма уйкаштырып коюп алышкан экен.

Атымды биринчи уккандар бутумдан башыма чейин бир карап: «Байке, чын эле айтып жатасызбы?» деп кайра-кайра сурашат. Айылдагы келиндер мени тергеп, «Радужный ава» же «Көлдөгү ава» деп коюшат. Өзүм форель балыгынан уха тамагын жасаганды жакшы көрөм, өзгөчө рецепт менен жасайм», - деди Форель Өмүралиев.

Форель Өмүралиев жубайы Айнагүл Токторбаева менен эки кыз, үч уулдуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×