Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 16:14

Россияда кыргызстандык 120 миң жаран таксист болуп иштейт, - Оштун жетекчиси У.Жылкыбаев

Turmush -  Россияда Кыргызстандын 120 миң жараны таксист болуп иштей турганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

27-май күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев Россиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алган.

Жолугушууда Н.Удовиченко ачылышы 2020-жылга пландалган «Достук» кыргыз-өзбек өткөрмө пунктунун курулушу Россия тараптан каржыланарын жана ал жерде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талабына ылайык фитосанитардык лаборатория куруларын айтты. Ошондой эле Россиянын жогорку окуу жайларында кыргыз абитуриенттери үчүн квотанын саны көбөйтүлүп, чек ара заставаларына брондолгон техникалар белекке берилгенин билдирди.

Облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өз кезегинде Россия Федерациясы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныганы үчүн учурда таксист болуп, киреше тапкан 120 миң кыргызстандык жумуш менен камсыз болгонун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×