Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 05.06.2019 13:40 На русском

Ошто бычакталган курбулар 20 жаштагы кыз менен мушташкан. Окуянын жаңы жагдайлары

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында кыздар мушташып, 3 жаш кыз бычакталган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-июнь күнү саат 4:10до Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу көчөсүндө кыздар мушташып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кыздардын арасында мушташ болгонун аныкташкан.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын 1996-2003-жылдары туулган тургундары шаардагы кафелердин биринде түнкү саат 3:30га чейин курбусунун өтүп кеткен туулган күнүн белгилеп жатышкан (курбусунун туулган күнү 1-июнда болчу). Айрымдары спирт ичимдиктерин ичишкен. Ошол учурда 1996-жылы туулган кызга курбусу телефон чалып, тынчын алган. Анткени алар башка жакка барууну пландап коюшкан. Бирок 1996-жылы туулган кыз эч жакка барбай, кафеде отуруп алган. Анын кесепетинен өз ара кайым айтышуу болуп, кафеде отурган 8 кыз телефон чалган кыздын үйүнө такси жалдап барышкан. 8 кыз телефон чалган кыздын (1999-жылы туулган) үйүнө барганда мушташ чыккан.

Ал эми 20 жаштагы кыз үйүнөн бычак жана бөтөлкө көтөрө чыгып, баш аламан бычак шилтегендиктен үч кыз денесинен ар кандай жаракаттарды алышты. Жабыркагандардын өмүрү коркунучта эмес.

Учурда аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык фактысы боюнча катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нож, изъятый в Оше

Курбулар жаракат алган бычак

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында 3 жаш кыз бычакталып, ооруканага түшкөнүн жазган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, аталган 3 кыз таңкы саат 5:00 чамасында ооруканага жеткирилген. Алар 1996-жылы, 1999-жылы жана 2000-жылы туулган кыздар экени белгилүү болду. Алардын ичинен экөөнүн жоон санына бычак сайылса, бирөөсү көкүрөк тушка бычакталган. Эки кызга операция жасалган. Ал эми көкүрөк тушу жабыркаган кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×