Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ош облусу, Ош 05.06.2019 11:39 На русском

Ошто таң эрте 3 жаш кыз бычакталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 3 жаш кыз бычакталып, ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ооруканага түшкөн кыздар шаардагы батирлердин биринде бычакталган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, аталган 3 кыз таңкы саат 5:00 чамасында ооруканага жеткирилген. Алар 1996-жылы, 1999-жылы жана 2000-жылы туулган кыздар экени белгилүү болду. Алардын ичинен экөөнүн жоон санына бычак сайылса, бирөөсү көкүрөк тушка бычакталган.

Учурда бир кызга операция жасалып бүтүп, экинчи кызга операция жасалып жатат. Ал эми көкүрөк тушу жабыркаган кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен байланышканыбызда, маалыматты тактап, андан кийин жооп бере турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×