Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Бишкек 05.06.2019 10:16 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Мен-мен деген артисттерге ыр жазып берген А.Кубанычбеков

Акбар Кубанычбеков
Акбар Кубанычбеков
// Turmush

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында чоң ата, чоң эненин колунда чоңоюп, кийин Бишкек шаарында окуусун улантып, иштеп келе жаткан Акбар Кубанычбеков учурда популярдуу ырлардын автору. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Акбар Кубанычбеков 1992-жылы 22-апрелде Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Тамада, алып баруучу болуп эмгектенип, комуз менен ырдап, ошондой эле балдарга кыргыз тилин окутуп келет.

Коомчулукка кеңири жайылган таасирдүү ырлардын автору акындык өнөр чоң атасынан өткөндүгүн айтат.

«Мен Кара-Суу айылында 1-классты бүткөм. Чоң ата, чоң эненин колунда чоңойгом. Аларга ээ-жай бербей, азоо болуп баштаганда “кой, өз ата-энеңе бар” деп шаарга жиберишкен. Шаардагы мектепти бүтүп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктадым. Чыгармачылыктын башаты ошол жерден башталды. Лекцияда отуруп ыр жаза берчүбүз», - деди ал.

Акбар Кубанычбековдун ырлары эки китепке жазылган.

«1-курста эле үналгыда иштеп, программа алып барчубуз. Ал жерде 1-2 жыл иштедим. Андан соң гезиттерде эмгектендим. Азыркы тапта телеберүүнүн алып баруучусумун. Ырчыларга ыр жазып, чыгармачылык менен алектенип келебиз. Мындан сырткары Бишкек шаарындагы курстардын биринде кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан 5 жылдан бери мугалим болуп иштейм», - деди ал.

Акбар Кубанычбековдун 200дөн ашуун ырына обон жазылган.

«Мирбек Атабековдун он чакты ырынын сөзү меники. Акыркы жолу “Мурас” деген ырдын сөзүн жазып бердим. Султан Садыралиевдин аткаруусундагы “Эки жаш”, Анжеликанын аткаруусундагы “Бактылуумун”, Динара Акулованын “Сага гана”, "Кыз-Бурак" тобунун аткаруусундагы “Кыргызымдын кыраандары”, С.Искеналиевдин аткаруусундагы “Мына минтип” жана башка ырлардын сөзүн жаздык.

“Периштенин канаты”, “Бир күн” деген китебим жарыкка чыкты», - деди ал.

«Периштенин канаты» аттуу китебинин арты менен «Алыкул Осмонов» атындагы сыйлыкты алган.

«Азыркы учурда жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Көбүнчө философиялык темаларга токтолом. Бул өнөр мага чоң атам Темирбек Токоевден берилди десем болот. Ал сөзмөр адам, санжыра, уламыш, окуяларды аябай көркөмдөп айтып берет. Ошондон калган мурас десем болот.

Ырды жашап жазган акындар бар. Анан жасап жазган акындар бар. Жашап жазган акындар жашоону, коомду көрөт. Эл кайда баратат, алар эмне менен дем алып жатат? Ушуга жараша ой-пикир келет. Кудай буюрса, күз айларында жеке концертимди берейин деп жатам», - деди ал.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин карындашы, иниси бар.

«Орозонун урматына мындан 3 жыл мурун “Бир тууганыма” деген ырды жазып, интернетке чыгардым. Жылдызбек Турсунбаев деген акын бар. Ал орозо кармасамбы же кармабай эле койсомбу деп, эки анжы болуп жатыптыр. Интернеттен:

Оо, тууганым кел орозо кармайбыз,
30 күндү өткөрөбүз бал, майсыз.
Ооз ачканда суунун билип кадырын,
Отуз күндү акыретке арнайбыз, - деген ыр саптарымды окуп алып, орозо кармаптыр.

Акындарды эл эле колдобосо, бийлик тарабынан колдоо жок. Коомдун жетим балдарындай элебиз. Мурда ырдын ар бир сабына акы төлөп беришчү», - деди ал.

Жаш акын учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×