Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 05.06.2019 12:10

Айына 40 000 сом тапкан уста Адилет таластыктардын оозун ачырган унаа жасады. Видео

Turmush -  Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Тынчтыкбек уулу Адилет темир ширетип, унаалардын эшигин жогору көтөрүп ачууга ыңгайлаштырып жасап жатат. Аймактагы кабарчы темир ширетүүчү устадан кабар алды.

Ал 1991-жылы Талас районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн.

«Атам Тынчтыкбек колу жөндөмдүү уста киши болчу. Кичинебизде анын жанында ачкычтарын ташып жүрүп, бул жумушка көзүбүз көнүп калган экен. Темир устачылыкты мындан 8 жыл мурун баштагам. Ал убакта менден улуу агам унаа оңдоп иштеп жүрчү. Өзүмдүн унаам бузулуп калып, оңдоп берер киши жок болуп калды. Байкеме телефон чалып айтсам, кандай кылып оңдош керектигин түшүндүрүп берди. Ошондо биринчи жолу колума автоген кармап, иштеп көргөм. Андан кийин кызыгуум күчөй баштады. Байкемдин жанында жүрүп көп ишти үйрөндүм.

Азыркы учурда унаа оңдоп, темир ширетип, балта жасайм. Эки күн бул жумушка баш бакпай калсам, денем оор болуп ооруп калганымды сезем», - деди ал.

Уста жасаган балтанын бир даанасы 1000 сомдон турат.

«Бизде жумуш ар кандай. Айрым кардарлар атайын буйрутма менен жасатып кетишсе, кээ бирлери биз жасагандын ичинен өзүнө ыңгайлуусун тандап алышат. Күнүгө 2 даанадан балта жасайм. Ортодон башка жумуштарга дагы жетишүүгө аракет кылам. Бир айда жалпысынан 30-40 миң сом киреше табам.

Азыркы учурда эшиги жогору көздөй түртүлүп ачылган унаа жасап жатам. Бир жолу интернеттен «Матиз» унаасынын эшигин жогору көздөй түртүлүп ачыла тургандай кылып жасап жатканын көрүп калдым. Мен дагы жасап көрөйүн деп борборго барып, өзүмдүн унаамды сатып, анын акчасына кайра «Матиз» сатып алдым. Таласка келерим менен эле алдыңкы эшигин жасап баштагам. Эки күндө оюмдагыдай кылып жасап алдым. Буюрса боёк иштери калды.

Бул унаа менен шаардын ичине чыксаң кызыктуу окуялар көп болот. Унааны токтотуп, эшиги ачылганда эле элдин баары карап калат экен (күлүп).

Биз бул эшикти бардык эле унааларга жасай берсек боло турганын унаамды жасап жатканда түшүндүм. Азыр эл кызыгып жатышат. Өзүмдүн унаамды толук жасагандан кийин буйрутма алып, элге жасай баштайм», - дейт Адилет мырза.

Каарманыбыз 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×