Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуНоокат району 04.06.2019 16:53

Ноокатта 14 жаштагы бала аттан жыгылып каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда 14 жаштагы бала аттан жыгылып каза болду, деп билдиришти жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга.

Окуя бүгүн, 4-июнь күнү Калдай айылындагы Кыркоол жайлоосунда болгон. Бала алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Зулпуев айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аттан жыгылган бала бүгүн жерге берилди. Маркум быйыл 6-классты аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×