Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуКочкор району 04.06.2019 11:25

Балдарды коргоо күнү: «ФИНКА Банктын» Кочкордогу филиалы 100 үй-бүлөнүн балдарына белек тартуулады

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, «ФИНКА Банктын» Кочкор районундагы филиалы демөөрчүлүк иштерди уюштурду.

«ФИНКА Банктын» Кочкор районундагы филиалынын өкүлү Чыңгыз Төрөкановдун айтымында, райондогу аз камсыз болгон 100 үй-бүлөнүн балдарына белектер тапшырылды. Мындай демөөрчүлүк иштерди «ФИНКА Банктын» Кыргызстандын бардык аймактарындагы филиалдары уюштурушту.

«Балдар биздин келечек. Эртеңки келечегибиз жарык болушу үчүн азыртадан баштап балдарга татыктуу тарбия берип, ар бири менен сүйлөшүп, алардын маселесин биринчи чечүүбүз зарыл. Балдардын майрамы бир күн менен гана чектелбеши зарыл. Бала бар да ар күн майрам жана кызыктуу. Балдарыбызга кам көрүп, жакшы сөзүбүздү аябайлы. Бөбөктөр майрамыңар менен», - деп куттуктады Чыңгыз Төрөканов.

Аталган банк кайрымдуулук иштерди дайым жүргүзүп, райондогу социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүп келет.

«Биз муну менен гана чектелип калбай, ар кандай кайрымдуулук иштерди жасайбыз. Бизге кайрылган социалдык мекемелерге тиешелүү жардамдарды берип, айрым бала бакчаларды оюнчук, килем жана башкалар менен камсыздап жатабыз», - деп кошумчалады ал.

------------------------------------------------------------

Банк кызматкерлери ар бир кардардын суроолоруна жооп берип, депозит, «Элкарт» карта, акча которуулар, эсеп ачуу жана башка тармактар боюнча окууларды өткөрүп турушат. Ал эми кеңседе кардарлар кезек күтүп, убакыт коротпоо үчүн төлөм терминалдары орнотулуп, ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөөгө шарттар түзүлгөн. «Элкарт» колдонгон кардарларга дүкөндөрдөн карта менен соода кылуу үчүн POS-терминалдар коюлган.

«ФИНКА Банктын» Кыргызстандын аймагында 25 филиалы бар. Ал Кыргызстандын каржы рыногунда 24 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми Кочкор районундагы филиалы 16 жылдан бери кардарларды тейлейт.

Банк «келечекти биз менен чогуу куруңуз» деген ураан менен иш алып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×