Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 03.06.2019 17:50

Айыл турмушу: А.Закирбаева китепканачылардын айлык маянасынын аздыгына нааразы

Асылкан Закирбаева
Асылкан Закирбаева

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылындагы китепканада айлыктын аздыгына кайыл болуп иштеп келе жаткан Асылкан Закирбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Асылкан Закирбаева 1969-жылы Кара-Кулжа районундагы Чалма айылында туулган. 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Маданият техникумунда билим алып баштап, андан китепкана иши боюнча адис болуп чыккан. 1989-жылы Ат-Башы районуна келип болуп келип, Кара-Булуң айылындагы Бүбүкалый Мусакунова атындагы китепканага жумушка орношкон. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулу бар.

«Мен бала кезде китепти сүйүп окучумун. Бирок китепканачы болом деп ойлогон эмесмин. Тарых сабагы боюнча мугалим болгум келчү. Тилекке каршы ал кесипке жетпей калдым. Себеби, окууга өтүш кыйын эле. Кудай буйруп, китепканачы болуп алдым. Бул иштин арты менен жакшы жетишкендиктерге ээ болдук. Мисалы, 2009-жылы «Мыкты айылдык китепкана» деген өлкөнүн наамын жеңип алып, 10 миң сомдун китебин алдык. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, облустук өкүлчүлүктүн ардак грамотасы менен сыйландык», - деди ал.

А.Закирбаева китепканачылардын көйгөйүн тизмектеп берди.

«Биздин имарат эски, бирок ички жасалгасы жакшы. Азыр элдин баары интернетке ооп кетти деген менимче туура эмес. Китепканага келип, китеп менен байланышын үзбөгөн окурмандар деле бар.

Азыр айылдык китепканалар муздак, жылуулук жок. Кышкысын үшүп иштейбиз. Ден соолугубуздан айрылып жатабыз. Бардыгыбыздын тең диагнозубуз бирдей, колу-бутубуз ооруйт. Айлыбызды көбөйтүп беришсе жакшы болот эле. Жайында деле китепканада атайын кышкы кийимдерди, бут кийимдерди кийип алып отурабыз. Өткөндө биздин китепканада семинар болуп, сырттан кишилер келишти. Алар 1 саат отуруп тоңуп калышты. “Кантип отурасыңар?” деп таң калышты. Биз эмне кылабыз? Үшүгөндө эшикке чыгып күнгө жылынабыз.

Башкы көйгөйүбүз — айлыгыбыздын аздыгы. Мисалы, 30 жылдык тажрыйбам менен 7 миң сом алам. Жаңы иштегендер 3-4 миң сом алышат. Башында иштегенде 120 рубль алчумун. Бирок ошол кезде баарына жетчү, жакшы эле болчу. Кийин союз тарап, 200-300 сом алган күндөр болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×