Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.06.2019 09:42 На русском

Айыл турмушу: 65 жашында да унаа башкарган З.Алымкожоеваны троллейбус айдаган окуучусу таң калтырган

Замира Алымкожоева
Замира Алымкожоева
// Turmush

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Замира Алымкожоева 34 жыл мугалим болуп эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Замира Алымкожоева 1954-жылы Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында туулган. 1976-жылы Фрунзе шаарындагы кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын биология-химия факультетин бүткөн. 3 уул, 1 кызы, 14 небереси бар.

«Окуумду бүтүп келип Бирлик айылындагы мектепте мугалим болуп иштедим. Ошол эле жылы кышында Ат-Башыдагы мектеп-интернатта эмгектенип баштадым. Андан кийин 1989-жылы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине кирдим. Алгач лаборант болуп иштедим, ал кезде мугалим көп болуп саат жетишсиз эле. Мурда бул мектепте 120 мугалим иштеп, 2000 окуучу билим алып, Кыргызстанга атагы чыккан, дүңгүрөп турган мектеп болчу. Кийин Ат-Башы айылындагы балдардын билим берүү борборунда иштеп жүрүп пенсияга чыктым», - деди ал.

Жалпы 34 жыл мугалим болуп эмгектенген Замира Алымкожоеванын ата-энеси дагы мугалим болушкан. Учурда анын 1 кызы мугалим.

«Ат-Башы райондук балдар интернатында иштеп жүргөндө балдарга биз ата-эне болчубуз. Кезек менен жатып иштечүбүз. Бардык жоопкерчилик тарбиячы менен мугалимде болчу. Мектеп менен интернатта окуган балдардын айырмасы бар эле. Интернаттагы балдар үйүнө качышчу. Балдар үчүн биз жооп бергендиктен, үйүнө чейин издеп барчубуз. Балдарды мончого түшүрүп, жуундурчубуз.

Карыганда окуучуларды унутуп калсак, алар бизди унутпай, көргөн жерден учурашып турушат. Андайда окуучуларга ыраазы болуп калат экенсиң. Бир жолу Бишкек шаарына бардым. Троллейбуска түшөлү десек эле эшикти жаап салды. Колумда жетелеген 2 балам бар болчу. Бирөөсүн ооруканага көрсөтмөкмүн. Айдоочу алдыңкы эшигин ачып, «бери келиңиз» деди. Көрсө айдоочу бала менин окуучум экен. Ошондо 20 жылдан кийин жолуктук. Мени тааныптыр», - деди ал.

Мугалим 23 жашында Ат-Башы автомектебинде 3 ай окуп, айдоочулук күбөлүк алган.

«13 жашымда «Волга» айдадым. Атамдын жанында отуруп үйрөнгөм. Эки жолу атама көрсөтпөй айдап кеткем. Анда Казыбек айылында окуучу болчумун. Айдоочулук күбөлүктү алганыма быйыл 50 жыл болот экен. Ал кезде унаа айдагандар аз болчу. Ат-Башы районунда 2 гана «Волга» бар болсо, ошонун бирөөсү биздики болчу. Азыр үйдө келиним, бир кызым, үч балам тең унаа айдайт. Азыр деле айдайм, жол белгилерин билем. Бирок мурункудай эмес, көзүмдүн көрүүсү жакшы эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×