Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.06.2019 09:47

Москва районунда балдарды коргоо күнү кандай белгиленди?

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук эс алуу жайында Балдарды коргоо күнү белгиленди. Ага жергиликтүү тургундар, ата-энелер, окуучулар жана бөбөктөр катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Балдарды коргоо күнүнө арналган салтанатта райондун акиминин орун басары Жоомарт Нарботоев куттуктоо сөз сүйлөп, бул күн балдарга арнала тургандыгына токтолду.

«Салтанат жогорку деңгээлде өттү. Түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп, акысыз балмуздак таркатылды. Ошондой эле "Рахат" бий жана Бишкектеги "Море шоу" топтору өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан сырткары "Акварель" студиясы мастер-класс уюштурду. Өзгөчө, Жарды-Суу айылынын 37 жаштагы тургуну Табылды Эшенкулов келинчеги Чолпон жана балдары менен 1,5 жаштагы топоз жетелеп келгени көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×