Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.06.2019 09:25

Ак-Талаада кичи футболдун жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында тамеки чегүүгө каршы болуу максатында өткөн кичи футболдун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу билдирди.

31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнүнө карата 1-июнда «Тайлак баатыр» спорт клубунун кичи футбол аянтчасында мелдеш өткөрүлгөн. Ага мекеме-ишканада иштеген кызматкерлер катышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, 2-орунду райондук ички иштер бөлүмү, 3-орунду райондук сот командасы камсыздашты. Жеңүүчүлөргө райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан акчалай сыйлык тапшырылса, ал эми Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын дипломдору ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×