Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баракелде, Бишкек 31.05.2019 16:50 На русском

Чөнтөгү калыңдар түшкөн эң кымбат учактарда эмгектенген Айперинин көк асмандагы жашоосу

Turmush -  Айпери Мукаева 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2,5 жыл мурун Бириккен Араб Эмираттарына барып, акыркы 3 айга чейин ар түрдүү тейлөө кызматтарында эмгектенген. Учурда авиакомпанияда стюардесса болуп эмгектенип жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Максаттар орундалат

- №10 орто мектепти аяктагандан соң, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин технология факультетине бюджетке өтүп билим алгам. Ошол убакта эле иштеп баштагам. Чогулткан акчамды дайыма кошумча курстарга төлөп окучумун. Кесибимден тышкары англис тилин үйрөнүп, визажист, бухгалтерия курстарын бүтүргөм. Ата-энем Бишкекте турушат. Атам улуттук госпиталда иштесе, апам үй кожойкеси. Сиңдим бир компанияда аймактык менеджер болуп иштейт.

Бириккен Араб Эмираттарына 2,5 жыл мурун агенттик аркылуу келгем. Башында ресторанда хостес болуп иштеп баштагам. Андан кийин сатуу тармагына өтүп, бир жарым жылдай иштедим. Негизи стюардесса болом деп эч ойлогон эмесмин. Жакын досум ачык эшиктер күнүнө катышып, өзүбүздү сынап көрөлү деп калды. Ошол маалдан баштап бул кесипке кызыга баштадым. Ошентип Бириккен Араб Эмираттарынын аба линияларына онлайн билдирме берип баштадым. Алар билдирме берген сайын чакырышат. Улам барып сынактарга катышам. Негизи, адам бир нерсени каалап, алдына максат коюп, болгон күчүн жумшаса колунан бардыгы келет деген тыянакка келдим. Ошентип компанияга келишим менен жумушка орношуп калдым.

Башында менден баш тарткандар дагы болду. Алар айткан кемчиликтеримди оңдоп, өзүмдү кайра-кайра даярдадым. Анткени, бул тармакта менин тажрыйбам жок болчу.

Көк асмандагы жашоо март айында башталды

- Мен иштеген компания Бириккен Араб Эмираттарынын улуттук аба компаниясы болуп эсептелет. Учактары бардык континенттерге учат. Менин угушума караганда, бул компания 2003-жылы түзүлгөн. Дүйнөдөгү эң ири аба компания болуп эсептелет. Учактарынын баасы дагы эң кымбат. 2004-жылы 340 миң кишини ташыса, 2008-жылы 6 млн кишиге жеткен.

Бизде жоопкерчилик абдан чоң. Учактын түзүлүшүнөн баштап медициналык биринчи жардамды бергенди билишиң керек. Бул жумушка чейин стюардессалардын иши оңой көрүнчү. Бирок чындыгында башкача экен. Аны мен алгачкы жолу асманга учуп чыкканда түшүндүм.

Жумушка орношкондон кийин 1,5 ай интенсивдүү машыгуудан өттүк. Тактап айтканда, мен 2018-жылы ноябрда маектешүүгө барып, декабрь айында расмий түрдө жумушка өткөнүмдү кабарлашкан. Декабрдан тартып документтерди чогултуп, медициналык кароодон өтүп баштадым. Дагы бир айдан соң ырастоо катын алып, 2019-жылы март айында машыгуу башталган. Андан соң гана учуп баштадым. Европа өлкөлөрүнө, Австралия, Африка, Азия өлкөлөрүнө учуп бардым. Эки айдын ичинде 10 чакты мамлекетти кыдырдым.

Ар бир сапар ар кандай окуялар менен коштолот. Бир жүргүнчү аэропортко сумкасын унутуп калса, кээ бирөөлөр балдарын унутуп калган учурлар болот. Эң кызыктуусу, ар улуттагы адамдарды көрөсүң.

Стюардесса болуу үчүн эмне талап кылынат?

- Стюардесса эң негизгиси адамдар менен тез тил табышып кетүүнү билиш керек. Чыр-чатактан алыс, сабырдуу, тез чечим кабыл алууну билиши керек. Албетте, келишимдүү болуу зарыл. Сөзсүз эле модель болуунун кажети жок. Жаш курак 20 жаштан 30 жашка чейин, бойдун узундугу 160-165 сантиметрден жогору болууга тийиш. Ошондой эле ден соолугуң мыкты болуусу шарт.

Азыркы убакта Абу-Даби шаарында турам. Дубайга караганда тынч жана үй-бүлөлүү адамдарга жашаганга эң ылайыктуу жер. Анан да Абу-Даби эң кооз шаар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×