Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.06.2019 22:34

Жеңеке: Америкада окуп келген Айтолкундун келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Каракол шаарынын 23 жаштагы тургуну Айтолкун Мусаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарында 1996-жылы артисттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

«Атам, апам дагы Ысык-Көл драм театрында иштеген. Ошондуктан балалыгым театрда спектакль жана концерттерди көрүп өттү. Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебин бүтүрдүм. Мектепте жакшы окуп, иш-чараларга активдүү катышып жүрдүм. Музыкалык мектепте фортепиано жана комуз бөлүмүн аяктадым. Англис тилин үйрөнүүгө дагы кызыкчумун. Кичинекей кезимде эле Америкага барсам деген кыялым бар эле. Кудай жаштын тилегин берет дегендей, 11-класста FLEX программасы менен АКШга барып, 1 жыл акысыз окуп келдим. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетине бардым. 18 жашымда жолдошум Максат Мелисовго турмушка чыктым. Экөөбүз мектепте чогуу окуганбыз. Учурда ал Алмата шаарында курулуш фирмасында иштейт. Өзү токтоо, адептүү, адамгерчиликтүү, ыймандуу адам», - дейт ал.

А.Мусаева жаңы келин болуп келгенде көп кызыктуу окуялар болгонун айтып, алардын бирине токтолду.

«Кайнатам менен кайненем мага кызындай эле мамиле кылышты. Бирок кайнатам былтыр каза болуп калды. Жаңы келин болуп келгенде кайненем: "Тамак жаңы бышканда, күйөөң үйдө жок болсо дагы ага тамак алып кой" деп үйрөтчү. Көрсө кайненем дагы жолдошун сыйлап, дайыма ага биринчи тамак куюп койчу экен.

Бир жолу жаңы бышкан дымдаманы чоң табакка чыгарып, кайнатамдын карындашы менен келген коноктордун алдына койдум. Алар табакка салып баштаганда, күйөөмө алып коюу керектигин эстеп, жанталашып салып, өзүнчө алып койдум. Коноктор кеткенден кийин энем күлүп: "Биз карап эле отуруп калдык. Казандан чыгарып жатканда эле салып, катып кой деп айтпадым беле" деп күлгөн», - дейт 1 уул, 1 кыздын энеси Айтолкун.

Анын айтымында, учурда ал репетитор болуп эмгектенет.

«Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин балдар менен үйдө отуруп калдым. Ошондо кайын сиңдилериме англис тилин үйрөтө баштадым, алар дагы жакшы окуп кетишти. Кийин алардын классташтары кызыгып баштаганда англис тили боюнча репетитор болуп иштеп баштадым. Негизи балдар менен иштешүү мага абдан жагат. Окуучуларыма өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп, Америкадагы балдарды окутуу системасы тууралуу айтып берип, сабакты кызыктуу кылып өтүүгө аракет кылдым.

Мен сабакка кеткенде балдарымды кайненем карайт. Азыр интернеттин доору болгондуктан онлайн окутууга өтүүнү ойлоп жатам. Келечекте көп балалуу эне болуп, аларга татыктуу тарбия берсем дейм», - дейт жаш эне.

Ал: «Өзүмдүн атам Ак-Суу районунун Маман айылынан болот, ал эми апам Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынан болот. Мен 1 жыл Американын Висконсин штатынын Вапан деген шаарында жашап келдим. Атам Маман—Папан—Вапан деп тамашалап калат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×