Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 30.05.2019 14:11 На русском

Видео: Ошто окуучулардын кайым айтышы өспүрүмдүн өлүмүнө алып келди. Алгачкы маалыматтар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 8-класстын окуучусу катуу жаракаттын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 30-май күнү Ош облустук балдар ооруканасында 2004-жылы туулган окуучу бала көз жумган. Ал Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин 8-классынын окуучусу А.С. экени аныкталды.

Тергөөдөгү алдын ала маалыматтарга караганда, окуучулардын тобу мектептен чыгып бара жатышып, анча алыс эмес жерде жайгашкан дүкөндүн алдында кайым айтышып кетишкен. Маркум окуучу учтуу буюмдан жаракат алган. Аны бычак менен саюуга шектелип каза болгон баладан 1 жаш улуу Д.у.Н. кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×