Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 30.05.2019 10:07

Айыл турмушу: Таластык тарбиячы А.Иманалиева 20 жылдан бери чеберчиликти да аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Балбал айылынын 40 жаштагы тургуну Айнура Иманалиева 20 жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын кызы. Кесиби боюнча тарбиячы. Кол өнөрчүлүктү чоң апасынан үйрөнгөн.

«Орто мектепти бүткөндө тигүүчү цехте бир топ жыл иштеп жүрдүм. Ошол убакта бычканды билип, заманбап тигүүчү машинелер менен иштедим. Келин болгондо дагы тиккенимди токтоткон жокмун. Ушул тапта куракка көп басым жасайм. Кандай буйрутма келсе ошонун барын тигип берем. Тигүүчүлөрдө калдык кездемелер көп чыгат эмеспи. Алардан кураштырып көп нерселерди тигем. Азыр көптөгөн кыз-келиндер жука жана түстүү кездемеден төшөк, диван жапкыч жана башкаларды буйрутма берип жатат. Аны төрт чарчы кылып ар кандай өңдөрүнөн кесип алып, кураштырып, машинеге тигип чыгам. Алар кооз көрүнөт. Майрамдарга карата гүлдөрдү жасап сатып калам. Кичинекейлери 250 сомдон болот. Чоң апамдан үйрөнгөн ишти алып келе жатканыма 20 жылдан ашып кетти», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп иштейт.

«Өзүм эмгектенип жүргөн бала бакчанын ичин, дубалдарын гүлдөр менен кооздогом. Чоң гүлдөрдү жасап, аларды бурчка койгом. Үй жасалгалоону дагы аябай жактырам. Майрамдык кечелерге карата балдарга кийимдерин тигип берүүгө буйрутма болот. Кардалар кездемелерин алып келип беришет. Менде бош убакыт болбойт. Жумуштан келгенде жана дем алыш күндөрү буйрутмаларды тигип же гүлдөрдү жасоо менен алек болом», - деди ал.

Айнура айым 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×