Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 29.05.2019 16:05 На русском

Миллионер А.Жолдошов, кол салган илбирстер, ок аткан адамдар: Тоодогу турмуш. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Алмаз Жолдошов 28 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы учурда 100 баш топозу бар.

«Үй-бүлөдө 8 бир туугандын кенжесимин. Бир туугандарымдын баары жогорку билимдүү. Ар кимиси өз кызматтары менен. Мен эң кичүү болгондуктан айылда калып, мал менен алектенем. Атамдын бир тууган агасы чабан болгон. Чоң атамдын жолун балдары, анан мен жолдоп, мал менен алектенип келебиз.

Негизи 1991-жылдан баштап мал менен келе жатам. 1992-жылы ошол убактагы президент Аскар Акаев атайын малчыларга энчи катары 10 кой, 1 ат, 1 жылкы, уйдун ордуна деп 10 баштан топоз берген. Топоздорду 2004-жылга чейин багып жүрдүм. Кийин баарын сатып түгөткөм. 2014-жылы кайрадан 15 баш топоз сатып алып, башын көбөйттүм. Ошондо ар бир башты 63 миң сомдон сатып алгам. Ошол 15 башты көбөйтүп отуруп, 100 башка жеткирдим. Топоздор жайы-кышы жайытта жүрүшөт. Сөзсүз бир адам карап жүрүшү керек. Анткени кышында илбирс, карышкырлар жеп кеткен учурлар көп болот. Ал эле эмес адамдар да атып кетишет. Кээ бирде көрө албаган адамдар деле атайын өлтүрүп, таштап кеткен учурлар болот. Топоздун эти дарылыгы менен айырмаланып турат. Анткени булар табигый чөп менен азыктанышат. Бир топоздун эти 250 кг чейин барат. Октябрь айынан жаңы жылга чейин союп сатабыз. Эти дагы өтүмдүү болот.

Булар жашына жана салмагына карата бааланып, дүң баада сатылат. Бир башын 70 миң сомго чейин сатсаң болот. 2,5 жаштагы топозду 50 миң сомго чейин, 5 жаштагы топозду 70 миң сомго чейин баалап сата берем. Жыл сайын, болбосо жыл өткөрүп Оштон жана Тажикстандан башка топоздорду алып келип, кан алмаштырып турам. Булар жанына адам жолотпойт. Ээн жүрүп көнүп калышкан. Атайын байлап бакканга мүмкүнчүлүк бербейт. Башында багып жүргөндө минип, чаап жүрчүмүн. Азыр мингизбейт. Мамалактарын минип, колго байлап үйрөтсөң үйрөнүп кетишет. 1 жашка толук толгон балдарын мамалак деп коёт. 2 жашка чыкканда топоз деп аталат.

Биздин айыл малга ылайыктуу, жайыты кенен, тоолуу. Өзүм малга кызыккандыктан малдын үстүнөн түшпөй карайм. Тоолуу айылда жашап деле миллионер болсоң болот. Мен топоз менен миллионермин. 100 башты дүң баада сатып алабыз деп келгендер көп, бирок сатпайм. Керек учурда гана сатам. Топоздон тышкары майда мал багам. Аларды мал базарга алып чыгып сатып калам», - деди ал.

Миллионер малчы 1 уулдун атасы.

«Жубайым менен 1994-жылы декабрь айында баш кошконбуз. 1 уулубуз бар. Жубайым мага жардам берет. «Ушул топоздорду азайталы, элдин көзү деген бар» деп кооптонуп турат. Атайын туристтер келип, сүрөткө тартып кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×