Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 29.05.2019 18:27 На русском

Оштогу ээнсиреген галерея, чаң баскан эмгек: Сүрөт искусствосунун учурдагы абалы. Видео

Turmush -  Ушул күндөрү Ош шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн 21-жолугушуусу өтүүдө. Чет элдик коноктор «Байыркы Ош 21-кылымдын көзү менен» иш-чарасына катышып, анын алкагында Сулайман-Тоо, Ак-Буура сыяктуу Кыргызстандын кооз жерлерин сүрөткө тартып жатышат. Иш-чарага 10 мамлекеттин 11 сүрөтчүсү катышууда.

Дүйнөдө Пабло Пикассо, Леонардо да Винчи, Винсент ван Гог, Казимир Малевич, Монэ, Сальвадор Дали, Айвазовский сыяктуу аты чыккан сүрөтчүлөрдүн эмгектери кымбат бааланат эмеспи. Ал эми Кыргызстанда ата мекендик сүрөтчүлөрдүн абалы кандай? Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул суроого жооп издеп көрдү.

Буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгын жетектеп келген Топчубай Досбаев сүрөтчүлөргө жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыктан сүрөт көргөзмөлөрү дагы байма-бай уюштурулбай жатканын билдирди. Ал көргөзмөгө келгендердин саны азайып жатканын айтат.

«Ош шаарында Сүрөтчүлөр союзунун сүрөт галереясы бар. Андан тышкары жеке сүрөтчүлөрдүн өздөрүнүн галереялары бар. Сүрөтчүлөрдүн эмгектерине сүрөт сүйүүчүлөрү тарабынан көңүл бурула баштады. Мисалы, жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери чет өлкөлөргө сатылып жатат. Бирок жалпысынан, сүрөтчүлөргө жетиштүү көңүл бурулбайт. Көргөзмөлөр майрам күндөрү гана уюштурулбаса, атайын сүрөтчүлөргө арналган иш-чара өткөрүлбөй калды. Балким ушундан улам сүрөт сүйүүчүлөрүнүн катары суюлгандыр», - дейт Т.Досбаев.

Сүрөтчүлөр союзунун Ош шаарындагы башчысы Кубанычбек Мамыраимовдун айтымында, быйыл көргөзмө уюштуруу жаатында ири өзгөрүүлөр болду.

«Бишкектегидей же Европадагыдай сүрөт галереялары Ош шаарында жок болчу. Эми З.Бабур атындагы театрдын алдына галерея уюштурдук. Буга чейин өнөрканамда сүрөттөрүм чаң басып эле жатчу. Эми ал сүрөттөр ошол галереяга коюлду. Кыргыздар кагазга сүрөт тартууну Совет бийлиги орногондон кийин эле үйрөндүк да. Бизде ошондон кийин бул искусство жанданды. Учурда бул өнөрдүн сүйүүчүлөрүнүн азайышы — мектептерде сүрөт искусствосун түшүнө турган адистердин жоктугунан болууда. Азыр мектептерде дене тарбия же эмгек сабагын окуткан мугалимдерге эле сүрөт тартуу сабагын берип коюшту. Чыныгы өнөр ээлери окуучуларга сабак берсе, жаштардын арасында бул искусствону кадырлагандар көбөймөк деп ойлойм», - деди К.Мамыраимов.

«Байыркы Ош 21-кылымдын көзү менен» иш-чарасына катышып жаткан түркиялык сүрөтчү Мехмедали Дуан Түркияда галерея ачууга суроо-талап көп экенин белгиледи.

«Бизде атайын чоң сүрөт галереясы бар. Андан сырткары галерея ачууну каалагандар да өз алдынча ача берсе болот. Бизде бул өнөргө жакшы көңүл бурулат», - деди түркиялык сүрөтчү.

Ошондой эле ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусунда тартылган сүрөттөр Европадагы сүрөт галереяларына коюларын, андыктан кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери дүйнөгө тааныларын билдирди.

«Түрк тилдүү сүрөтчүлөрдүн жолугушуусунда Якутия, Азербайжан, Башкортостан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана жергиликтүү — Бишкек, Ош шаарларынан келген сүрөтчүлөр бар. Алардын эмгектери Европанын бир катар шаарларында — Парижде, Лондондо көргөзмөгө коюлат. Ошол көргөзмөлөрдө Ош шаары дүйнөгө таанылат деп ойлойм», - дейт К.Култегин.

Буга чейин Ош шаарынын кайсы жеринде сүрөт галереялары бар экенин маалымдаган тиркеме жок болчу. Сүрөтчүлөр союзунун Ош шаарындагы башчысы Кубанычбек Мамыраимов эми шаардагы галереялар боюнча маалыматты интернеттен тапса боло турганын билдирди.

«Тиешелүү адистер шаардын кайсы жеринде галереялар бар экенин интернетке жайгаштырышат. Ал жерден туристтер же сүрөт сүйүүчүлөрү керектүү маалыматтарды, даректерди таба алышат», - дейт К.Мамыраимов.

Түрк тилдүү малекеттердин сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусуна чейин З.Бабур атындагы өзбек улуттук драма театрынын алдына галерея ачылган. Ал жакта Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарындагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Ош шаарында сүрөт искусствосун окуткан Гапар Айтиев атындагы мектеп бар. Андан сырктары 1 жогорку окуу жайда искусство факультети бар.

Буга чейин Turmush басылмасы 25-май күнү Ош шаарына түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрү келишкенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×