Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуСокулук району 29.05.2019 09:50

Орозодогу белек: Таштанды терип, 5 баласын жалгыз баккан Нургүл ак өргөлүү болду

Turmush -  Сокулук районунда 5 жылдан бери таштанды терип балдарын баккан Нургүл Бекиевага Кыргыз Республикасынын «Алыш» бел боо күрөш федерациясынын вице-президенти Рустамбек уулу Советбек үй куруп берди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жалгыз бой энеге үйдүн ачкычын тапшыруу аземи кечээ, 28-майда болуп өттү.

«Өзүңүздөр билгендей, мындан 3 ай мурун интернет басылмалар таштанды терип 5 баласын жалгыз баккан карындашыбыз Нургүлдүн оор тагдырын чагылдырган. Ошондо ага жардам берүү үчүн тамак-аш көтөрүп, жашап жаткан үйүнө бардым. Анын жашоо шартын өз көзүм менен көрүп, чиедей балдардын тагдырына кайдыгер карай албай, үй куруп берүүнү туура көрдүм. Кудай мага ушул ишти буйруп койгон экен. Дароо «Көмөктөш бол» кайрымдуулук уюму тарабынан жер тилкеси берилип, үй салып баштадым. 15-мартта курулушту баштап, эки жарым айда үй курулуп бүттү. Ыйык Рамазан айында жана 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Нургүл карындашыбыз балдары менен ак өргөлүү болуп отурат. Алла ушул жакшылыкты кут кылсын.

Учурдан пайдаланып маалыматтык жактан колдоо көрсөткөн журналисттерге, банктык эсепке акча которгон Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү мекендештерге ыраазычылык билдиребиз. Себеби, курулушка мен 600 миң сомдон ашык каражат жумшасам, колдоо көрсөткөн эл тарабынан 203 миң сом каражат жумшалды. Ал 203 миң сом уста балдардын эмгек акысына берилди. Эми кеп акчада эмес. Кеп — Алланын ыраазычылыгы жана балдардын жүзүндөгү жылмаюуда. Бизде мындай тагдырлар көп. Аллага шүгүр кылып, колунда бар адамдар ушинтип жардам берип турсак дейм», - деди ал.

Кубанычы койнуна батпаган Нургүл Бакиева буларга токтолду.

«Менин беш балам бар. Эң улуусу 10 жашта, кичүүсү 10 айлык. Шаардагы таштанды ыргытуучу жайда таштанды терип иштегениме 5 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта көп кыйынчылыктар баштан өттү. Ушул күнгө чейин эч ким жардам берген эмес. Жолдошум ичимдикке берилип кеткендиктен, 5 баламды батирге камап коюп, таштанды терип, тамак-ашын, кийим-кечесин таап келип жүрдүм. Жокчулуктун айынан балдарым мектепке да барбай калышчу. Айрымдар ар кандай сөздөр менен кемсинтишкен. Ошондон тартынып да окушкан жок. Эми минтип үйлүү болуп, кубанычыбызга чек жок. Балдарым да сүйүнүп жатышат. Эми кудайым буюрса алар мектепте билим алышат.

Ушул жерди бөлүп берген «Көмөктөш бол» коомдук кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Юсуп Сайпиевге жана ушул үйдү куруп берген Кыргыз Республикасынын «Алыш» бел боо күрөш федерациясынын вице-президенти Советбек Рустамбек уулуна ыраазычылык билдирем», - деди ал.

«Көмөктөш бол» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Юсуп Сайпиев Нургүл Бакиевага 5 сотых жер берген.

«Советбек байке Нургүл карындашыбызга жер болсо үй куруп берем деп интернеттен кайрылган. Мен дароо Советбек байкеге байланышып, кыйналган, жетим-жесирлерге деп алган жерибиздин 5 сотых аянтын бөлүп бердик. Токбай айылына келип көрсөтсөк Нургүл карындашыбызга дагы жакты. Карындашыбыз минтип үйлүү да болуп отурат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×