Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Баткен облусуБаткен району 29.05.2019 09:16 На русском

Айыл турмушу: 35 жаштагы баатыр эне Бааргүл айымдын балдарынын алды тиричиликке жардам берип калды (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 35 жаштагы тургуну Бааргүл Сабырова 32 жашында баатыр эне болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 4 кыз, 3 уулдун апасы.

«17 жашымда турмушка чыккам. Турмуш курган жылы улуу кызымды төрөдүм. Андан 2 жылдан кийин уулумду төрөгөм. Азыр эң кичине кызым 3 жашта. Аны 32 жашымда төрөп, баатыр эне болгом. Турмуш кургандан бери үй кожойкесимин. Көп баланы кароонун түйшүгү бар. Бирок бир жагы сыймыктуу. Кичине кезимден эле көп балалуу болууну кыялданчумун», - деди Бааргүл айым.

Жолдошу Аскарали Мамытовдун айтымында, дыйканчылык кылышат. Өрүк бактары бар. Балдары тиричиликке жарап, жумушка жардам берип калышты.

«Балдарыбыздын чоңдору мектепте окушат. Кичүүсү 3 жашта. Аялым «Эне даңкы», «Баатыр эне» сыйлыктарын алды. Эрте турмуш курганыбыздын үзүрүн көрүп жатабыз. Чоңдору жумушту колдон алып калышты. Кичинелерин да өздөрү карашат», - деди ал.

Кара-Бак айыл өкмөтүндө 5 миңге чукул кожолук жашаса анын 500гө жакыны көп балалуу үй-бүлөлөр. Аймакта жыл сайын «Баатыр эне» наамын алгандардын саны көбөйүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×