Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуТалас району 28.05.2019 15:15 Жаңыланды: 02.06.2019 16:45

Айыл турмушу: Эколог Н.Чойбекова үйүндө кара түстөгү гүлдөрдү да өстүрөт (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Балбал айылынын 35 жаштагы тургуну Нурия Чойбекова үйүндө гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча эколог.

«Апам гүлдөргө жакын, жакшы өстүрөт. Апама окшоп, мен дагы кичинемден гүлгө жакынмын. Уруктарын, көчөттөрүн атайын сатып келем. Буларды үйдүн ичинде, эшикте да өстүрөм. Мисалы, карлик герандын 9 түрү бар. Анын бою 20 см болуп, гүлү жыш өсөт. Ал бөлмөдөгү абаны, аураны жана адамдын көңүлүн тазалайт. Муну орустар көп багышат. Бөлмөдө күн ысык болгондо жүдөп кетет. Ошондуктан жайында эшикке отургузуп коём. Күзгө чейин эшикте турса эс алат, кайра үйгө киргизем. Сарайлардан эски кыктарды алып келебиз. Петуниянын уруктарын алып келип, бир нече түрлөрүн өстүрүп жатам.

Петуниянын кара түстөгүсү дагы бар. Ал табышмактуу гүл. Себеби бир караганда таарынгандай, бир караганда жылмайгандай туюлат. Бул гүлдөр оңой эле өсө беришпейт. Өссө дагы куурап же ооруп калышат. Гүлдөрдү сатпайм, бирок туулган күндөргө белекке берем. Розалардын көп түрү бар. Анын ичинен кара розага кызыккандар аябай көп. Кара роза өңүн кара бархат түскө алмаштырат. Ошол учурда каалоо айтса аткарылат деп коюшат. Бирок мен ырымчыл эмесмин (күлүп).

Кошуна аке бар, мага тууган болуп кетет. Бир күнү мен үйдө жокто келип, гүлдөрдү көрүп, жасалма гүлдөрдү коюп койгонбу деп кармап көргөн экен. Челектерди көтөрүп келип, «мага дагы өстүрүп бер, терезеге сеникиндей кылып катарынан коюшум керек» деген (күлүп). Дагы бир аке биз жокто келген экен. «Бул жакты карасам гүл, тигил жакты карасам деле гүл. Гүлдөрдү көрүп эмнеге келгенимди унутуп калдым» деп күлдүргөн. Үйүнө барып, «гүл өстүрбөйсүңбү» деп келинчегин урушкан экен.

Тааныштар мага көргөзбөй челеги менен уурдап дагы кетишет. Буларды эрте туруп алып карайм. Бала баккандай эле болом. Ооруп калышат, анда дарысын алып келем. Экинчи балам мени менен кошо жүрүп, көп жардам берет. Кичинекей балам дагы гүлдөрдү эч кимге тийгизбей карашат. Башка балдар келип калышса «тийбегиле, апам урушат» деп калкалап турушат», - деди ал.

Нурия айым 3 баланын апасы. Үйүндө тигүүчүлүк менен да алектенип, курак курайт. Балдарга да кийимдерди тигет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×