Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуТалас району 28.05.2019 13:40 На русском

Айыл турмушу: Таластык А.Мусаева чеберчиликти аркалап, элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Козучак айылынын 42 жаштагы тургуну Айгүл Мусаева кол өнөрчүлүк менен үй-бүлөлүк киреше таап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Токтогул районунун кызы. Кийин Таласка келин болуп келген.

«Кичинемде машине менен кийим тикчү эмесмин, токуп жүрчүмүн. Токуган буюмдарымды көргөндөр фабриканыкы го дешчү. Кийин турмушка чыкканда машине менен тиге баштадым. Башында үйгө өзүбүзгө керектеген нерселерди тигип жүрсөм, 5 жылдан бери ушул иш менен алектенип келе жатам. Ага чейин мектепте иштеп жүрдүм. Бардык ишке кызыгуу болсо эбин табуу оңой болот. Атайын тигүүчү кесибине ээ болгон эмесмин. Кызыгып отуруп колумдан келген иш менен үй бүлөлүк киреше табам. Айыл ичинен жана Таластан буйрутмалар келет.

Мен жалаң төшөктүн түрлөрүн тигип, көктөп берем жана кыздардын себин даярдайм. 50дөн ашык кыздын себин камдап берип койдум. Азыр ийне кармап, тешилгенди тикпей дагы калышпадыбы. Илгери өз кийимибизди өзүбүз тикчүбүз. Ал мезгил артта калды окшойт. Барчылык болгонуна шүгүр, бирок жалкоо болбош керек деп ойлойм. Илгери ар бир апа үйүнөн тигип отурчу. Үйүндө тигүүчү машине болсо аны сыйлуу буюм катары колдонуп, жамап же башка нерселерди тигип беришкен. Азыр айылда алардын саны суюлуп калды.

Шырдак шырып, анын ыскытын басып дагы эмгек кылам. Шырдактын негизги кийиз жумуштарын күн жылууда жасап алабыз. Бала-бакыра менен ал кийизди кышы бою шырып, ыскыт басып даярдап коём. Айылдан менин өнөрүмдү баалап, буйрутмалар көп келет. Азыркы тапта бул мен үчүн түйшүк эмес, негизги жумушум болуп калган. Жумуш жок деп отура бербей, бар нерсени үйрөнүп аракет кылгандарды жактырам.

Бир күндө милтесин тигип, аны ичине жабыштырып, кебезди жайгаштырып, 10 төшөк тигип коём. Бир жер төшөк 250 сомдон бааланат. Кечке чейин машинеде отурам. Буйруса үйдөн цех ачып, буйрутма алып, кыздын себин даярдап, кыз-келиндер менен иштесем дейм. Бир кызым жолумду улап, ал дагы тикмечилик кылат. Жаңы муундар ийне саптаганды билип чоңоюп, телефондорун ошол нерсеге алмаштырышса дейм», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×