Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 28.05.2019 08:08 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Ш.Эстебесова 33 жылдан бери окуучуларга орус тилин үйрөтөт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 56 жаштагы тургуну Шайыр Эстебесова 33 жылдан бери мугалим болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. 11 бир туугандын үчүнчүсү. Учурда Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде эмгектенет.

«1986-жылы азыркы Каракол шаарындагы педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүрдүм. Окууну бүтүп, кайра эле өз айылымда эмгек жолумду баштадым. Ал жакта 1998-жылга чейин иштеп, андан бери Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде иштеп келе жатам. Мен окууну жаңы бүтүп келгенде окуучулар уялчаак, сөздү уккан, ийкемдүү болчу. Азыркылар деле ошондой, бирок демократия деп эле оюндагысын дароо айтат, ичине сакташпайт. Бирок бул жакшы сапат. Сенин кемчилигимди дагы айтып коюшат. Мурда окуучулар оюн ачык айта алышчу эмес.

Мектепте иштегенден бери 3-классымды бүтүрүп жатам. Ар бирин 1-класстан баштап окутуп, мектепти бүтүрөм. Өзүбүздүн классыбыздагы балдар жакшы көрүнөт. 2016-жылдан бери мектептин соцпедагогу болуп иштедим. 2018-жылдын декабрь айынан бери директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп жатам. Мугалим экенибиз сыртыбыздан эле билинет окшойт. Мени тааныбаган чоочун айылдарга барып калсам эле балдар «саламатсызбы?» деп учураша беришет.

Спортко жакынмын, класстан волейбол командасын уюштуруп ойнотуп жүрөм. Спорт залдагы тартипти, тазалыкты жөнгө салдым. Ар бир ойногон команда өз артын тазалап кетишет», - деди ал.

Мугалим айым 1 кыз, 3 уул, 5 неберенин апасы. Үйүндө кол өнөрчүлүк менен да алектенет жана гүлдөрдүн көп түрүн өстүрөт. «Билим берүүнүн отличниги» наамынын, «Эл сыймыгы» төш белгисинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×