Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуАраван району 27.05.2019 17:34 Жаңыланды: 27.05.2019 19:27 На русском

Айыл турмушу: Бөдөнө жана урушка түшкөн короз багып, киреше тапкан ишкер абысындар (видео, сүрөт)

Азадахон айымдын урушка түшө турган корозу жана тооктору
Азадахон айымдын урушка түшө турган корозу жана тооктору

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айылынын 31 жаштагы тургуну Хулкарой Эгембердиева жана анын абысыны бөдөнө, урушка түшкөн короз, тоокторду багып, киреше таап жатышат. Ишкер абысындар менен аймактык кабарчы таанышты.

Хулкарой айым 6 айдан бери бөдөнө багып келет. Ал алгач 6 бөдөнө сатып алып, ишкерликти баштаганын билдирди.

«Алгач 6 чоң бөдөнөнү 200 сомдон сатып алгам. Андан кийин 50 сомдон жөжөлөрүн сатып ала баштадым. Учурда бөдөнөлөрдүн саны 30га жетти. Күнүнө 20-25 жумуртка алып, ар бир жумуртканы 5 сомдон сатып, жакшы киреше таап жатам. Бөдөнө баккан жеңил. Анткени алар жемди, сууну аз талап кылышат. Бөдөнөнүн жумуркасы тооктун жумурткасына караганда витаминдерге бай болуп, ден соолукка пайдалуу болот экен. Анын жумурткасы жаш балдардын жана улгайган адамдардын иммунитетин бекемдейт. Ошондой эле ашказан-ичеги жана тамак ооруларына, кан тамыр системасына, сыныктарга да пайдалуу. Учурда жумурткаларды кошуналарыбыз жана дүкөн иштеткендер кезекке туруп сатып алып жатышат», - деди Х.Эгембердиева.

Анын абысыны (Хулкарой айымдын кайнисинин жубайы) Азадахон Ризаева да күчтүү, урушка түшө турчу короздорду жана тоокторду багат. Азадахон айымдын айтымында, күчтүү короздорго суроо-талап көп болот.

«Ишкерликти быйыл бейөкмөт уюмдардын жардамы менен баштадым. Алар бизге ишкерликти үйрөтүштү. Санга эмес, сапатка көңүл буруп, күчтүү короздорду алып келгем. Ошондуктан жумурткалар сапаттуу, түрүнө жараша 50 сомдон 200 сомго чейин сатам. Тоок бастырууну каалагандар да биздин жумурткаларды алып жатышат. Учурда 1 короз жана 8-9 тоок бар. Буюрса дагы көбөйтүүнү пландап жатам», - дейт А.Ризаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×