Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуТалас району 27.05.2019 15:57 Жаңыланды: 06.06.2019 22:57

Айыл турмушу: Таластык Н.Чойбеков 6 миң сомдук ээрлерди чабууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Балбал айылынын 36 жаштагы тургуну Нуржан Чойбеков ата-бабаларынын жолун жолдоп, 6 миң сомдук ээрлерди чабууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ээрлер көп түрлөргө бөлүнөт жана ар ким ар кандай кылып чабат. Куш баш, кучмач, аскер ээр жана темир ээр деп жасап жүрүшөт. Өзү жыгачтан куш баш жана темирден орус ээрлерди жасайт.

«Мектепте окуп жүргөндө эле жыгачтан ар кандай буюмдарды жасачумун. Жыгач устачылык ата-бабаларыбыздан келе жатат. Алар көп ээр чабышкан экен. Мен алардын устачылыгын улап келем. Негизи ээрлер жасалышына жараша баа коюлуп сатылат. Айылда көбүнчө 5000-6000 сомдуктарга буйрутма келет. Көк бөрүчүлөр көп алып кетишет.

Кыргыз ээр мурун оор болчу. Анткени калың болуп чабылчу. Азыр жеңил жана бекем жыгачтан жука болуп жасалып, уйдун териси капталат. Жылына 10дон ашык ээр чабам. Мен мал менен жүрүп, такай бул жумуш менен отура албай калам. Буйрутма болсо ошондо убакыт таап, жасап бергенге аракет кылам.

Учурда ээрге талап жоголгон жок. Тескерисинче зарыл буюмга айланып бара жатат. Ээрлерди көк талдан жасайм. Аларды 1 жыл мурда кесип, кургатып, даярдап коём. 2-3 жыл өтүп кетсе жарылып, ээр жасаганга болбойт калат. Чапкандан кийин кооздоп коём. Теректен жана карагайдан деле чапса болот, бирок талга жетпейт. Эмнеси болсо дагы ээр атка ыңгайлуу болуп, жакшы отуруш керек. Өйдө-ылдыйдан келе жатканда эки жакка ооп кетпегендей болушу зарыл. Узундугу 60, туурасы 45 сантиметр болот.

Чындыгында ээр жасаган, комуз чапкан усталар азайып бара жатат. Көпчүлүк усталар жыгачтан майда буюм жана камчы жасаганга өтүп жатышат. Өрүктөн комуз жасаганы жатам, жыгачын камдап койгом. Кымыз жасагандарга күү челек да жасайм. Жасаганы жасагандай сатылып кетет. Учурда шакирт жок, үйрөнөм деп келишсе үйрөтмөкмүн. Устачылыктын учугун үзбөй үйрөтүп калсам дейм. Бирок балдарым жаш болушса дагы кызыгып жүрүшөт», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы. Жайкысын жайлоого барып, 5 боз үй тигип, бээ саап ишкерлик кылат. Ошондой эле дыйканчылык менен да алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×